Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Ыйык кызмат кылуучу Малки-Седек

    7:1 Малки-Седек – Шалем падышасы жана баарынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу. Ал падышаларды жеңип кайтып келе жаткан Ыбрайымды тосуп чыгып, ага батасын берген.

    7:2 Ошондо Ыбрайым ага колунда болгон бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн берген. Малки-Седек ысымынын мааниси «Адилдик падышасы» болсо, Шалем падышасы «Тынчтык падышасы» дегенди билдирет.

    7:3 Малки-Седектин ата-энеси, ата-теги, өмүр таржымалы жөнүндө үч нерсе айтылган эмес. Кудайдын Уулуна окшогон ал түбөлүккө ыйык кызмат кылуучу болуп кала берет.

    7:4 Көрдүңөрбү, ал кандай улуу адам болгон! Түпкү атабыз Ыбрайым ага олжосунун ондон бир бөлүгүн берген.

    7:5 Лебинин тукумунан чыккан ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын осуяты боюнча элден, башкача айтканда, өз бир туугандарынан, алар да Ыбрайымдан тараганына карабастан, ондук алышкан.

    7:6 Ал эми Малки-Седек Леби уруусунан чыкпаса да, Ыбрайымдан ондук алган жана Кудайдын убадасына эү болгон ага батасын берген.

    7:7 Бата берген адам бата алган адамдан жогору болору талашсыз.

    7:8 Бул жерде көзү өтүп кетчү адамдар ондук алып жатат, ал жерде болсо тирүү экендиги тууралуу күбөлөндүрүлгөн адам алып жатат.

    7:9 Ондук алып жаткан Леби өзү да Малки-Седекке Ыбрайым аркылуу ондук берген десек болот.

    7:10 Анткени Малки-Седек Ыбрайым менен жолукканда, Леби атасы Ыбрайымдын денесинде эле.

    Машайак – Малки-Седек сыяктуу Ыйык кызмат кылуучу

    7:11 үгерде лебилердин кызматы аркылуу жеткилеңдикке жетүүгө мүмкүн болсо (Тоорат мыйзамы Ысрайыл элине лебилердин кызматынын негизинде берилген), Арундун даражасындагы эмес, Малки-Седектин даражасындагы башка бир Ыйык кызмат кылуучунун келишинин кандай зарылчылыгы бар эле?

    7:12 Анткени ыйык кызмат кылуучулардын кызматы өзгөрүлгөндө, мыйзам да өзгөрүлүшү керек болуп калат.

    7:13 Анткени бул жерде сөз болуп жаткан Адам башка уруудан. Анын уруусунан үч ким курмандык чалынуучу жайда кызмат кылган эмес.

    7:14 Теңирибиздин Жүйүт уруусунан чыккандыгы белгилүү. Бул уруунун ыйык кызматка катышуусу тууралуу Муса үч нерсе айткан эмес.

    7:15 Малки-Седекке окшогон башка бир Ыйык кызмат кылуучунун чыгышы муну ого бетер ачык көрсөтүп турат.

    7:16 Ал адамдык мыйзам боюнча эмес, тескерисинче, соолубас өмүрдүн күчү боюнча Ыйык кызмат кылуучу болгон.

    7:17 Анткени: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң», – деп күбөлөндүрүлгөн.

    7:18 Мурунку мыйзам күчсүз, пайдасыз болгондуктан, жокко чыгарылат.

    7:19 Себеби мыйзам үч нерсени жеткилеңдикке жеткирген жок. Бирок мурункудан жакшы эмүт берилүүдө, ал аркылуу биз Кудайга жакындайбыз.

    7:20 Ал антсыз Ыйык кызмат кылуучу болгон эмес. Тигилер антсыз ыйык кызмат кылуучулар болушкан.

    7:21 Ал Теңирдин «Теңир ант берген, аны өзгөртпөйт: Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң» деген анты боюнча Ыйык кызмат кылуучу болгон.

    7:22 Ошентип, Ыйса мурункудан жакшы келишимдин кепили болуп калды.

    7:23 Ыйык кызмат кылуучунун кызматын көптөр алып барышкан, анткени бир гана адамдын ыйык кызмат кылуучу болушуна өлүм жол берген эмес.

    7:24 Ал эми Ыйса түбөлүк жашагандыктан, туруктуу Ыйык кызмат кылуучу.

    7:25 Ошондуктан Ал өзү аркылуу Кудайга келгендердин баарын толук куткара алат. Ал түбөлүк тирүү болгондуктан, алар үчүн арачылык кылат.

    7:26 Башкы ыйык кызмат кылуучубуз ыйык, жамандыктан алыс, кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн, асмандан да жогору көтөрүлгөн Башкы ыйык кызмат кылуучу болушу керек.

    7:27 Ал мурунку башкы ыйык кызмат кылуучуларга окшоп, адегенде өзүнүн, андан кийин элдин күнөөлөрү үчүн Кудайга күн сайын курмандык алып келүүгө муктаж эмес. Анткени Ал муну өзүн өзү курмандыкка алып келүү менен бир жолу жана биротоло кылды.

    7:28 Мыйзам адамдык алсыздыгы бар адамдарды башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындаган. Бирок мыйзамдан кийин келген, ант менен бекемделген сөз түбөлүктүү жеткилең Уулду Башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск