Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Есфирь 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Амандын кыянатчылыгы

    3:1 Ошондон кийин Акашбейрош падыша агактык Амадат уулу Аманды жогорку кызматка көтөрүп, аны өзүнүн карамагындагы бардык төрөлөрдөн жогору койду.

    3:2 Ошондо падышанын карамагындагы, падыша дарбазасынын алдындагы кызматчылардын бардыгы Амандын алдында жерге жете ийилип таазим кылышчу, анткени падыша ошондой кылууну буйруган. Бирок Мордохай жерге жете ийилип таазим кылчу эмес.

    3:3 Падышанын дарбазасынын алдында кызмат кылган падыша кызматчылары Мордохайга: «Сен эмне үчүн падышанын буйругун аткарбай жатасың?» – дешти.

    3:4 Алар күндө айтып жатышса да, ал укпай койду. Ошондо алар Мордохай өз сөзүнө турар бекен деп, Аманга билдиришти. Анткени ал өзүнүн жүйүт экенин аларга айткан болчу.

    3:5 Аман өзүнө Мордохайдын жерге жете ийилип таазим кылбай жатканын көргөндө, каары кайнады.

    3:6 Бирок Аманга жалгыз Мордохайды өлтүрүп коюу аз көрүндү. Ага Мордохайдын кайсы элден экенин айтышканда, ал Акашбейроштун падышачылыгындагы бардык жүйүттөрдү Мордохайдын эли катары кырып салууну туура көрдү.

    3:7 Биринчи айда, башкача айтканда, Нисан айында падыша Акашбейроштун падышачылыгынын он экинчи жылында Амандын алдында күн сайын, ай сайын өкчөмө таш ыргытышты. Ошондо өкчөмө таш он экинчи айга – Адар айына түштү.

    3:8 Аман Акашбейрош падышага мындай деди: «Сен падышачылык кылган бардык дубандарда эл арасына чачылган, таралган бир эл бар. Алардын мыйзамы башка элдердин мыйзамдарынан айырмаланат, алар падышанын мыйзамын аткарышпайт, падыша аларды ушул бойдон калтырбашы керек.

    3:9 үгерде падыша туура көрсө, аларды кырып салууга буйрук берсин. Падышанын казынасына салыш үчүн, мен падыша кызматчыларынын колуна он миң талант күмүш тартып берем».

    3:10 Ошондо падыша жүйүттөргө каршы чыгарган буйругун бекитиш үчүн, колундагы шакекти чыгарып, агактык Амадаттын уулу Аманга берди.

    3:11 Анан падыша Аманга: «Күмүштү да, элди да сага бердим. Кандай кылам десең, өзүң бил», – деди.

    3:12 Биринчи айдын он үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Амандын буйругун падышанын бийлөөчү төбөлдөрүнө, ар бир дубандагы башчыларга, ар бир элдин төрөлөрүнө ар бир дубандын өз арибинде, ар бир элдин өз эне тилинде жазып жөнөтүштү. Бардыгы Акашбейрош падышанын атынан жазылып, падышанын мөөр шакеги менен бекитилди.

    3:13 Он экинчи айдын он үчүнчү күнү, башкача айтканда, Адар айында бардык жүйүттөрдү: жашын да, карысын да, балдарды да, аялдарды да бир күндө кырып, алардын мал-мүлкүн талап алыш үчүн, чабармандар аркылуу падышанын бардык дубандарына каттар жөнөтүлдү.

    3:14 Ошол күнгө бардык элдер даяр туруш үчүн, буйруктун көчүрмөсү мыйзам катары ар бир дубанга жарыяланды.

    3:15 Чабармандар падышанын буйругун алып, шашылыш жөнөп кетишти. Бул буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды. Падыша да, Аман да ичип-жеп отурушту, Шушан шаары болсо дүрбөлөңгө түшүп жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск