Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 101

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    101-ЗАБУР

    Кыйналган адамдын сыйынуусу

    101:1 Кыйналган адамдын сыйынуусу. Ал кайгыга чөгүп, Теңирдин алдында өзүнүн кайгысын төгүп жатат.

    101:2 Теңирим! Менин сыйынуумду ук, менин муң-зарым Сага жетсин.

    101:3 Менден өз жүзүңдү жашырба, кайгыга чөккөн күнү мага кулак сал. Сени чакырган күнү мени тез ук.

    101:4 Анткени менин өмүрүм түтүн сыяктуу жок болду, сөөктөрүм чычаладай болуп күйүп калды.

    101:5 Жүрөгүм жараланып, чөптөй соолуду, ошондуктан мен өз нанымды жегенди да унутуп коюп жатам.

    101:6 Онтогон үнүм басылбай жатат, этим сөөктөрүмө жабышып калды.

    101:7 Мен чөлдөгү биргазанга окшоп калдым, урандылардын үстүндөгү экүдөй болуп калдым.

    101:8 Уктабай, там башындагы жалгыз куштай болуп отурам.

    101:9 Күн сайын мени душмандарым кордоп жатышат, жамандык каалагандар мени каргап жатышат.

    101:10 Күлдү нан катары жеп жатам, суусундугумду көз жашым менен аралаштырып ичип жатам.

    101:11 Мунун баары Сенин мага каарданганыңдан, жаалданганыңдан улам болуп жатат, анткени Сен мени жогору көтөрдүң да, кайра жерге кулаттың.

    101:12 Менин өмүрүм өтүп бара жаткан көлөкөдөй, мен чөптөй соолуп калдым.

    101:13 Теңирим, Сен болсо түбөлүк турасың, Сени муундан-муунга унутушпайт.

    101:14 Сен кайра турасың, Сионду аяйсың, анткени ага ырайым кылуучу убакыт келди, анткени белгиленген убакыт келип калды.

    101:15 Сенин кулдарың анын таштарын да сүйүшөт, анын топурагын да аяшат.

    101:16 Ошондо бүт элдер Теңирдин ысымынан коркуп калышат, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сенин даңкыңдан коркуп калышат.

    101:17 Анткени Теңир Сионду кайрадан курат жана өзүнүн даңкы менен келет.

    101:18 Ал алсыздардын сыйынуусуна назарын салат, алардын жалынуусун жек көрбөйт.

    101:19 Бул келе жаткан муун үчүн жазылып калат, ошондо келе жаткан муун Теңирди даңктайт.

    101:20 Анткени Ал өзүнүн ыйык бийиктигинен жерди карап турат. Теңир асмандан жерге көз салып турат.

    101:21 Ал туткундардын онтогон үнүн угат, өлүмгө кыйылган уулдарды куткарат.

    101:22 Теңирдин ысымын Сиондо жарыя кылыш үчүн, Иерусалимде Аны макташ үчүн,

    101:23 бүт элдер чогулушат, падышачылыктар Теңирге кызмат кылыш үчүн жыйналышат.

    101:24 Теңир менин күчүмдү кетирди, менин күндөрүмдү кыскартты.

    101:25 Ошондо мен: «Кудайым! Мени өмүрүмдүн жарымында алып кетпе. Сенин жылдарың түбөлүктүү», – дедим.

    101:26 Башында Сен жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.

    101:27 Алар жок болушат, Сен болсо түбөлүк жашайсың. Алардын баары чапандай эскирет, Сен аларды кийимдей алмаштырасың, алар өзгөрөт.

    101:28 Бирок Сен ошол бойдонсуң, Сенин жылдарыңдын аягы жок.

    101:29 Сенин кулдарыңдын уулдары жашашат, алардын тукуму Сенин алдыңда бекем болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск