Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 102

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    102-ЗАБУР

    Кудайды даңктоо

    102:1 Дөөттүкү. Менин жаным, Теңирди даңкта; менин бүт ички дүйнөм, Анын ыйык ысымын даңкта.

    102:2 Менин жаным, Теңирди даңкта, Анын бардык жакшы иштерин унутпа.

    102:3 Ал сенин бардык мыйзамсыз иштериңди кечирет, сенин бүт ооруларыңды айыктырат.

    102:4 Сенин өмүрүңдү көрдөн куткарат, ырайымы жана мүүрими менен чулгайт.

    102:5 Сенин жашооңду жакшылыкка толтурат, жаштыгың бүркүттүкүндөй жашарат.

    102:6 Кордук көргөндөргө Теңир адилеттигин жана акыйкаттыгын көрсөтөт.

    102:7 Ал өзүнүн жолдорун Мусага, өзүнүн иштерин Ысрайыл уулдарына көрсөттү.

    102:8 Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер.

    102:9 Ал аягына чейин каарданбайт, Ал түбөлүк ачуулана бербейт.

    102:10 Ал бизге мыйзамсыз иштерибизге жараша жасаган жок, бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жок.

    102:11 Анткени асман жерден кандай бийик болсо, Теңирден корккондорго Анын ырайымы ошондой зор.

    102:12 Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты.

    102:13 Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир өзүнөн корккондорго ырайым кылат.

    102:14 Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет.

    102:15 Адамдын өмүрү чөп сыяктуу. Ал талаадагы гүлдөй гүлдөйт.

    102:16 Анын үстүнөн шамал жүрсө, ал жок болот, ал өскөн жер аны тааныбай калат.

    102:17 Ал эми Теңир ырайымын өзүнөн корккондорго кылымдан кылымга көрсөтөт.

    102:18 Адилеттигин өзүнүн келишимин сактаган, башкача айтканда, өзүнүн осуяттарын унутпай аткарган уулдарынын уулдарына көрсөтөт.

    102:19 Теңир өз тактысын асманга орнотту, Ал бардыгынын үстүнөн падышачылык кылат.

    102:20 Теңирдин сөзүнө баш ийип, Анын сөзүн аткарган Анын күчтүү периштелери, Теңирди даңктагыла!

    102:21 Анын бүт кошуундары, Анын эркин аткарган кызматчылары, Теңирди даңктагыла!

    102:22 Анын бардык иштери, Ал бийлик кылган бардык жерде Теңирди даңктагыла. Менин жаным, Теңирди даңкта!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск