Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 103

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    103-ЗАБУР

    Жаратканды даңктоо

    103:1 Менин жаным, Теңирди даңкта! Теңирим, Кудайым! Сен укмуштуудай улуусуң, Сен даңк менен улуулукка чулгангансың.

    103:2 Сен жарыкты чапандай киесиң, асманды чатырдай жаясың.

    103:3 Сен үстүнкү бөлмөлөрүңдү суулардын үстүнө кургансың, булуттарды өзүңө араба кыласың, шамалдын канаттарынын үстүндө жүрөсүң.

    103:4 Сен өз периштелериңди шамал, өз кызматчыларыңды жалындаган от кыласың.

    103:5 Сен жерди бекем негизге орноттуң: ал кылымдан кылымга бекем турат.

    103:6 Сен анын үстүн түпсүздүк менен жабуу жапкандай жаптың. Тоолорго сууларды жайгаштырдың.

    103:7 Сенин катуу буйругуңдан суулар качты, Сенин күркүрөгөн үнүңдөн качканча шашышты.

    103:8 Алар Сен дайындаган тоолорго чыгышат, өрөөндөргө түшүшөт.

    103:9 Сен алар өтө алгыс чек койдуң, ошондуктан алар жерди жабыш үчүн кайрылып келбейт.

    103:10 Сен булактын сууларын жибердиң: алар тоо арасынан агып жатышат,

    103:11 алар талаадагы жаныбарлардын баарын сугарат; жапайы эшектер суусунун кандырып жатышат.

    103:12 Алардын жанында асман куштары жашашат, бутактардын арасынан эн салып турушат.

    103:13 өз бийиктиктериңден тоолорду сугарып турасың, жер Сенин иштериңдин жемишине тоёт.

    103:14 Сен мал үчүн чөп өстүрөсүң, адамдын пайдасы үчүн өсүмдүк өстүрөсүң, жерден азык өндүрөсүң.

    103:15 Адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты, адамдын жүзүн жылтыраткан зайтун майын, адамга кубат берген нанды бересиң.

    103:16 Теңир өзү отургузган Теңирдин дарактары, Лебанон кедрлери, сугарылат.

    103:17 Алардын үстүнө куштар уя салышат: карагайлар – илегилектердин турак жайы,

    103:18 бийик тоолор – кийиктердин жайы, аскалар – суурлардын баш паанеги.

    103:19 Айды Ал убакытты билдирүү үчүн жаратты, күн өзүнүн качан батарын билет.

    103:20 Сен караңгылык каптатасың, ошондо түн болот. Түн ичинде бүт токой жаныбарлары жортуп жүрүшөт.

    103:21 Арстандар жем издеп айкырышат, Кудайдан өздөрүнө тамак сурашат.

    103:22 Күн чыкканда алар чогулуп, өздөрүнүн үңкүрлөрүнө жатышат.

    103:23 Адам өзүнүн жумушуна чыгып, кечке чейин иштейт.

    103:24 Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сен жараткан нерселерге толгон.

    103:25 Мына, чалкыган улуу деңиз. Андагы тирүү жандыктарга, чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт.

    103:26 Анда кемелер сүзүп жүрөт, анда Сен жараткан лебийатан оюн салып жүрөт.

    103:27 Бардыгы Сенин өз маалында тамак берүэңдү күтүшөт.

    103:28 Аларга берсең – жешет, колуңду ачсаң – берекеңе тоюшат.

    103:29 Жүзүңдү жашырсаң – дүрбөлөңгө түшүшөт, алардын жанын алсаң – өлүп, кайра топуракка айланышат.

    103:30 үгерде өзүңдүн рухуңду жиберсең – алар жаралышат. Ошентип, Сен жер бетин кайрадан жаңыртасың.

    103:31 Теңир түбөлүккө даңктала берсин! Теңир өз иштерин көрүп кубансын!

    103:32 Жерди караса, жер титирейт; тоолорго тийсе, тоолор түтөйт.

    103:33 өмүрүм өткөнчө, Теңирди даңктап ырдай берем; көзүм тирүү турганда, Кудайымды ырдап даңктай берем.

    103:34 Ырдаган ырым Ага жаксын, Теңир менен кубанам.

    103:35 Күнөөкөрлөр жер үстүнөн жок болушсун, мыйзамсыздар биротоло жок болушсун. Менин жаным, Теңирди даңкта! Теңирди даңктагыла!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск