Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 113

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    113-ЗАБУР

    Тирүү Кудай жана жасалма кудайлар жөнүндө

    113:1 Ысрайыл эли Мисирден, Жакыптын тукуму бөлөк элдердин арасынан чыккан кезде,

    113:2 Жүйүт Теңирдин ыйык эли болуп калды, Ысрайыл Анын энчиси болуп калды.

    113:3 Муну көрүп, деңиз артка качты; Иордан артты көздөй акты.

    113:4 Тоолор койлордой, адырлар козулардай секирди.

    113:5 Деңиз, сага эмне болду, эмнеге артка качтың? Иордан, сага эмне болду, эмнеге артты көздөй актың?

    113:6 Тоолор, силер эмне үчүн койлордой, адырлар, силер эмне үчүн козулардай секирип жатасыңар?

    113:7 Жер, Теңирдин алдында, Жакыптын Кудайынын алдында титире.

    113:8 Ал асканы көлдүн суусуна, ташты булакка айландырат.

    113:9 Бизди эмес, Теңир, бизди эмес, өз ырайымың үчүн, өз чындыгың үчүн өз ысымыңды даңкта!

    113:10 Бутпарастар: «Булардын Кудайы кайда?» – деп айтышпасын.

    113:11 Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат.

    113:12 Ал эми тигилердин жасалма кудайлары – күмүш жана алтын, адамдын колу менен жасалган нерселер.

    113:13 Алардын ооздору бар, бирок сүйлөбөйт; алардын көздөрү бар, бирок көрбөйт.

    113:14 Алардын кулактары бар, бирок укпайт; алардын мурундары бар, бирок жыт билбейт.

    113:15 Алардын колдору бар, бирок сезбейт; алардын буттары бар, бирок баса албайт; алардын көмөкөйүнөн эн чыкпайт.

    113:16 Аларды жасагандар жана алардан эмүт кылгандардын баары ошолорго окшоп калышсын.

    113:17 Ысрайыл тукуму! Теңирге таян: Ал биздин жардам берүүчүбүз жана калканыбыз.

    113:18 Арундун тукуму! Теңирге таян: Ал биздин жардам берүүчүбүз жана калканыбыз.

    113:19 Теңирден корккондор! Теңирге таянгыла: Ал биздин жардам берүүчүбүз жана калканыбыз.

    113:20 Теңир бизди унуткан жок, бизге батасын берип жатат, Ысрайылдын тукумуна батасын берип жатат, Арундун тукумуна батасын берип жатат.

    113:21 Ал Теңирден корккондорго – чоңдорго да, кичинелерге да батасын берип жатат.

    113:22 Теңир силерге да, силердин балдарыңарга да мындан да көп батасын берсин.

    113:23 Силер асман менен жерди жараткан Теңирден бата алгансыңар.

    113:24 Асман – Теңирдин асманы, ал эми жерди Ал адам баласына берген.

    113:25 Теңирди өлгөндөр, көргө киргендердин бири да даңазалабайт.

    113:26 Бирок биз Теңирди азыр жана түбөлүккө даңазалайбыз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск