Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 128

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    128-ЗАБУР

    Ысрайылдын душмандарын уятка калтыруусун сурап Кудайга сыйынуу

    128:1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. «Мени жаш күнүмдөн көп кысымга алышты, – деп айтсын Ысрайыл, –

    128:2 мени жаш күнүмдөн көп кысымга алышты, бирок жеңе алышкан жок.

    128:3 Менин жонума сокочулар узун бороздорду салып жер айдашты».

    128:4 Бирок Теңир адилет: Ал кудайсыздардын аркандарын кыя чапты.

    128:5 Сионду жек көргөндүн баары уятка калып артына качсын.

    128:6 Алар жулуна электе эле куурап калган там башындагы чөптөй болушсун.

    128:7 Ал чөпкө орокчунун колу толбойт, боолукчунун уучу толбойт.

    128:8 Алардын жанынан өткөндөр: «Теңирдин батасы силердин үстүңөрдө болсун! Силерге Теңирдин ысымы менен бата беребиз!» – деп айтышпайт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск