Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 36

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    36-ЗАБУР

    Адил адам менен мыйзамсыздын элүшү

    36:1 Дөөттүн забуру. Зулумдарга ачууланба, мыйзамсыз иш кылгандарга суктанба.

    36:2 Анткени алар тез эле чөптөй куурашат, көк чөптөй соолушат.

    36:3 Теңирге таян, жакшылык кыл, жер үстүндө жаша, чындыкты сакта.

    36:4 Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат.

    36:5 Теңирге өз жолуңду тапшыр, Ага таян, ошондо Ал ишке ашырат.

    36:6 Чындыгыңды жарыктай, адилеттигиңди чак түштө тийген күндөй кылат.

    36:7 Теңирди унчукпай күт, Андан эмүттөн. өз жолунда ийгиликке жеткен, арам ойлорун ишке ашырган адамга атаандашпа.

    36:8 Ачууңду токтот, кыжырланба. Жамандык кылганга чейин барбаш үчүн, атаандашпа.

    36:9 Анткени жамандык кылгандар кырылышат, ал эми Теңирден эмүттөнгөндөр жерди мураска алышат.

    36:10 Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың.

    36:11 Ал эми момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат.

    36:12 Кудайсыз адам адил адамга жамандык издеп, тиштерин кычыратып турат.

    36:13 Теңир болсо ага күлөт, анткени Ал анын күнү жакын калганын көрүп турат.

    36:14 Кудайсыздар жарды менен жакырды кулатуу үчүн, түз жолдо бара жаткандарды өлтүрүү үчүн, кылычтарын кындан сууруп, жааларын атууга даярдап турушат.

    36:15 Алардын кылычы өздөрүнүн жүрөгүнө сайылат, жаалары сынат.

    36:16 Адил адамдын аз нерсеси кудайсыздардын сансыз байлыгынан артык.

    36:17 Анткени кудайсыздардын күчү талкаланат, ал эми адил адамдарды Теңир колдойт.

    36:18 Теңир күнөөсүздөрдүн күндөрүн билет, алардын байлыгы түбөлүк турат.

    36:19 Алар оор күндөрү уятка калышпайт, ачарчылык күндөрү ток болушат.

    36:20 Ал эми кудайсыздар өлүшөт, Теңирдин душмандары козунун майындай жок болот, түтүндөй тарап кетет.

    36:21 Кудайсыз карыз алат, бирок кайрып бербейт, ал эми адил адам ырайым кылат жана берет.

    36:22 Анткени Кудайдын батасын алгандар жерди мурастап калышат, ал эми Анын каргышына калгандар кырылып жок болушат.

    36:23 үгерде адамдын жолу Теңирге жакса, Ал аны бекемдейт.

    36:24 Ал жыгылып бара жатса да, кулабайт, анткени Теңир аны колунан кармап турат.

    36:25 Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун.

    36:26 Адил адам ар күнү боор ооруп, карыз сурагандарга берет, ошондуктан анын укум-тукуму бата алат.

    36:27 Жамандыктан кач, жакшылык кыл, ошондо түбөлүк жашайсың.

    36:28 Анткени Теңир чындыкты сүйөт, өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүк сакталышат, ал эми кудайсыздардын тукуму кырылып жок болот.

    36:29 Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат.

    36:30 Адил адамдын оозунан акылдуу сөздөр чыгат, тили чындыкты сүйлөйт.

    36:31 Кудайдын мыйзамы анын жүрөгүндө, анын буттары тайыбайт.

    36:32 Кудайсыз адам адил адамдын артынан аңдып, аны өлтүрүүнүн жолун издейт.

    36:33 Бирок Теңир адил адамды анын колуна бербейт, ал соттолуп жатканда, анын айыпталуусуна жол бербейт.

    36:34 Теңирден эмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт. Кудайсыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң.

    36:35 Мен мыйзамсыз, зулум адамды көрдүм, ал тамырын жайган бутактуу дарактай эле.

    36:36 Бирок ал өтүп кеткен, эми ал жок. Аны издедим, бирок таппай койдум.

    36:37 Күнөөсүз адамды байкап жүр, адил адамды карап жүр, анткени андай адамдын келечеги – тынчтык.

    36:38 Ал эми мыйзамсыздардын баары кырылат, кудайсыздардын келечеги ойрон болот.

    36:39 Адил адамдардын куткарылышы Теңирден, кайгы учурунда Теңир алардын коргоочусу.

    36:40 Теңир аларга жардам берет, аларды куткарат. Аларды кудайсыздардан куткарып алат, аларды сактап калат, анткени алар Теңирге таянышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск