Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 37

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    37-ЗАБУР

    Азап чеккен адамдын сыйынуусу

    37:1 Дөөттүн забуру. эске түшүрүү үчүн.

    37:2 Теңир! Мени каарданып ашкерелебе, ачууланып жазалаба.

    37:3 Анткени Сенин жебелериң денеме сайылып турат, Сенин менин үстүмдөгү колуң оор болуп жатат.

    37:4 Сенин каарыңдан денемдин бир да соо жери жок. Күнөөлөрүмдүн айынан сөөктөрүмдө тынчтык жок.

    37:5 Анткени мыйзамсыз иштерим башымдан ашып, оор жүк сыяктуу мага салмагын салып турат.

    37:6 Акылсыздыгымдан жараларым ириңдеп, сасып жатат.

    37:7 Бүкүрөйүп, таптакыр башымды көтөрө албай калдым, таңдан кечке кайгы тартып жүрөм.

    37:8 Анткени ичим толтура илдет, денемдин соо жери жок.

    37:9 Алсырап, аябай кыйналып жатам, жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам.

    37:10 Теңир! Менин каалоомдун баары өзүңө белгилүү, менин онтогонум да Сенден жашыруун эмес.

    37:11 Жүрөгүм титиреп жатат, күчүмдү жоготтум, көзүм да тунарып калды.

    37:12 Досторум менен санаалаштарым илдетимди көрүп, менден оолактап калышты, жакындарым да алыс турушат.

    37:13 Мени өлтүргүсү келгендер болсо торлорун жайып жатышат, мага жамандык каалагандар мени өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышат, ар күнү айла-амал ойлоп жатышат.

    37:14 Ал эми мен дүлөйгө окшоп үч нерсе укпайм; дудукка окшоп оозумду ачпайм.

    37:15 Кулагы укпаган, оозунда жообу жок адамга окшоп калдым.

    37:16 Анткени мен Сенден эмүттөнөм, Теңир. Сен мага жооп бересиң, Теңирим, Кудайым менин.

    37:17 «Душмандарым мени көрүп кубанышпасын. Бутум шилтенбей калса, алар мага кыйынсынышат», – дедим.

    37:18 Анткени жыгылганы калдым, жаным кыйналып турат.

    37:19 Мен өз айыбымды мойнума алам, күнөөм үчүн кайгырып жатам.

    37:20 Душмандарым болсо жашап жүрүшөт, күч алып жатышат, мени себепсиз эле жек көргөндөр көбөйүп жатат.

    37:21 Менин жакшылыгыма жамандык кылгандар да жакшы нерсеге умтулганым үчүн, мага каршы чыгып жатышат.

    37:22 Теңирим, Кудайым, мени таштаба, менден алыстаба.

    37:23 Мага жардам берүүгө шашыл, Теңирим, менин Куткаруучум!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск