Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 38

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    38-ЗАБУР

    Азап чеккен адамдын жалынуусу

    38:1 Ырчылар тобунун башчысы Жедутунга. Дөөттүн забуру.

    38:2 «Тилим менен күнөөгө батпаш үчүн, өз жолдорумду байкап жүрөйүн. Кудайсыз жанымда турганда, оозумду ооздуктайын», – дедим.

    38:3 Мен дүлөй да, дудук да болдум, жакшылык жөнүндө да ооз ачпас болдум; азабым артты.

    38:4 Көөдөнүмдө жүрөгүм жалындап, оюмда от чыкты. Тилим ошондо сүйлөй баштады:

    38:5 айтчы, Теңирим, мен качан өлөм, канча күнүм калды, канча күнүм калганын, канча жашарымды билейин.

    38:6 Сен мага бир сөөм өмүр бердиң, менин өмүрүм Сенин алдыңда үч нерсе эмес. Чын эле, ар бир адамдын жашоосу курулай убаракерчилик экен.

    38:7 Чын эле, адам элес сыяктуу жүрөт, бекер түйшүк тартат, дүнүйө жыйнайт, анысы кимге каларын билбейт.

    38:8 Мен эми эмнени күтмөк элем, Теңир? Менин эмүтүм бир өзүңдө.

    38:9 Мени мыйзамсыз иштеримдин баарынан куткар, мени акылсыздарга кордотпо.

    38:10 Мен дудук болуп калдым, ооз ачпайм, анткени Сен ушундай кылдың.

    38:11 Соккуларыңды токтот, Сенин колуңдун соккусунан мен жок болуп бара жатам.

    38:12 Сен адамды күнөөсү үчүн жазалап, башына кыйынчылык саласың, анын көркү күбө жегендей күбүлөт. Ар бир адамдын жашоосу – курулай убаракерчилик!

    38:13 Менин сыйынуумду ук, Теңир, Менин ыйыма кулак сал. Менин көз жашымды көрүп унчукпай койбо. Анткени мен Сенин жолоочуңмун, өзүмдүн ата-бабаларымдай эле келгинмин.

    38:14 Мени кыйнаба, көзүм жумулуп дүйнөдөн өткүчө, күчкө толуп алайын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск