Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 39

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    39-ЗАБУР

    Машайактын тил алчаактыгы жөнүндө пайгамбарчылык

    39:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

    39:2 Мен Теңирге бекем ишенгем, ошондуктан Ал мага назар салып, менин зар-муңумду укту.

    39:3 Мени туңгуюктан, сормо саздан чыгарып, буттарымды ташка коюп, кадамымды бекемдеди.

    39:4 Кудайыбызды мактаган жаңы ырды оозума салды. Көп адамдар көрүп коркуп калышат, ошондо Теңирге таянышат.

    39:5 Теңирди таяныч кылган жана текеберлерге, жалганчыларга кайрылбаган адам бактылуу.

    39:6 Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат? Сага ким тең келе алат! Мен мунун баарын жар салып айтар элем, бирок аларга сан жетпейт.

    39:7 Курмандык менен тартууларды Сен каалаган жоксуң, бирок Сен менин кулагымды ачтың. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты талап кылган жоксуң.

    39:8 Ошондо мен: «Мына, мен бара жатам. Түрмөк китепте мен жөнүндө жазылган.

    39:9 Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө», – дедим.

    39:10 Мен Сенин адилеттигиңди улуу жыйында жарыя кылдым. Оозумду тындырган жокмун, муну Сен билесиң, Теңир.

    39:11 Сенин адилеттигиңди жүрөгүмө катып алган жокмун, Сенин ишенимдүүлүгүңдү жана куткаруу ишиңди жарыя кылдым, Сенин ырайымың менен чындыгыңды улуу жыйындын алдында жашырбадым.

    Ырайым кылуусун сурап Кудайга сыйынуу

    39:12 Сен, Теңир, менден ырайымыңды аяба! Сенин ырайымың менен чындыгың мени дайыма коргоп жүрсүн.

    39:13 Анткени мени сансыз кайгы курчап алды, мыйзамсыз иштерим өз башыма тийди, ошондуктан үч нерсени көрө албай жатам. Алар башымдагы чачымдан да көп, менин кайрат-күчүм кетти.

    39:14 Ырайым кылып, мени куткарып ал, Теңир! Мага жардамга шашыл, Теңир!

    39:15 Мени өлтүргүсү келгендердин бардыгы уятка калышсын, шылдың болушсун! Мага жамандык каалагандар артка кайтышсын, күлкү болушсун!

    39:16 «Ии-ии!» – деп табалагандар өздөрүнүн шылдың болуп калганына эрөйлөрү учсун.

    39:17 Сени издегендердин баары кубанышсын, Сени менен шаттанышсын. Сенин куткаруу иштериңди сүйгөндөр: «Теңир улуу!» – деп, тынбай жар салышсын.

    39:18 Мен болсо жардымын, жакырмын. Теңир, мен үчүн кам көрө көр. Менин жардам берүүчүм да, Куткаруучум да Сенсиң, Кудайым, кечикпе!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск