Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 40

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    40-ЗАБУР

    Кайрымдуу адам бактылуу

    40:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

    40:2 Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу! Кыйынчылык күнү аны Теңир куткарат.

    40:3 Теңир аны коргоп, өмүрүн сактап калат. Жер үстүндө ал бактылуу болот. Теңир, Сен аны душмандын колуна салып бербейсиң.

    40:4 Ал ооруп жатканда, Теңир ага күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың.

    40:5 «Теңир! Мага ырайым кыл, жанымды сакайт, анткени мен Сенин алдыңда күнөө кылдым», – дедим.

    40:6 Душмандарым мен жөнүндө «Ал качан өлөт? Анын ысымы качан өчөт?» деген жаман сөздөрдү айтышат.

    40:7 Мени көргөнү келген адам жалган сүйлөйт. Жүрөгүнөн жалганды ойлоп чыгарат да, сыртка чыгары менен элге жаят.

    40:8 Мени жек көргөндөрдүн бардыгы мага каршы чыгып, өз ара шыбырашып, мага жамандык ойлошот:

    40:9 «Ал айыкпас дартка чалдыкты. Ал жыгылды, эми турбайт».

    40:10 Атүгүл, мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип жүргөн, менин нанымды жеген адам мага согончогун көтөрдү.

    40:11 Сен болсо, Теңир, мага ырайым кыл, мени тургуз, мен алардын жазасын берем.

    40:12 үгерде душманым мага үстөмдүк кыла албаса, ошондон Сенин мага ырайым кылганыңды билем.

    40:13 Мени болсо аман сактап, өзүңдүн алдыңа түбөлүк тургузасың.

    40:14 Теңир, Ысрайыл Кудайы, кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин, оомийин!

    үКИНЧИ КИТЕП

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск