Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 41

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    41-ЗАБУР

    Бөтөн жерге куулуп кеткен адамдын кайгысы жана сооронуусу

    41:1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын эйрөтүүсү.

    41:2 Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым!

    41:3 Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?

    41:4 Ар күнү мага: «Сенин Кудайың кана?» – дешкенде, көзүмдүн жашы мен үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон.

    41:5 Ал жөнүндө үстеп, ички сырымды айтып жатам, анткени мен көп эл менен, майрамдап жаткан топ эл менен бирге Кудайды даңктап, Кудайдын үйүнө кубаныч менен кирчү элем.

    41:6 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.

    41:7 Жаным кыйналып, мен Сени Иордан жеринен, Хермондон, Митсар тоосунан үстеп жатам.

    41:8 Сенин шаркыратмаларыңдын үнү менен туңгуюк туңгуюкту чакырат. Сенин бардык сууларың менен толкундарың үстүмдөн өттү.

    41:9 Күндүз Теңир өзүнүн ырайымын көрсөтөт, түн ичинде мен Ага ыр арнаймын, өмүрүмдүн Кудайына сыйынам.

    41:10 өзүмдүн коргоочума, Кудайыма, мындай деп айтам: «үмне үчүн мени унуттуң? эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?»

    41:11 Душмандарым мени шылдыңдап, күн сайын мага: «Кудайың кана?» – деп айтышканда, сөөктөрүмдү сындырып жатышкансыйт.

    41:12 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск