Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 76

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    76-ЗАБУР

    Кайгыга батканда сооротуусун сурап Кудайга сыйынуу

    76:1 Ырчылар тобунун башчысына. Жедутундуку боюнча. Асаптын забуру.

    76:2 Yнүм Кудайга жетсин, жардам сурап кайрылам; үнүм Кудайга жетсин, Ал мени угат.

    76:3 Башыма кыйынчылык түшкөн күнү Теңирди издейм; түн ичинде сунулган колум түшпөйт; жаным тынчтангысы келбейт.

    76:4 Кудайды ойлоп титиреп жатам. Ойлоно берип, рухум алсырап бара жатат.

    76:5 Сен мага кирпик кактырбайсың, кыйналдым, сүйлөөгө дарманым жок.

    76:6 Байыркы күндөр жөнүндө, өтүп кеткен жылдар жөнүндө ойлоном.

    76:7 Түнкүсүн ырларымды үстейм, жүрөгүм менен сырдашам, рухум менин алдыма суроо коёт:

    76:8 “Чын эле, Теңир биротоло баш тарттыбы, мындан ары ырайым кылбайбы?

    76:9 Чын эле, Анын ырайымы биротоло токтодубу, Анын убада сөзү укумдан-тукумга жетпей эзүлдүбү?

    76:10 Чын эле, Кудай ырайым кылганды унуттубу? Чын эле, Ал ачуусу менен өзүнүн боорукерлигин токтотуп койдубу?”

    76:11 Мен дагы: «Бардыгынан жогору турган Кудайдын оң колунун өзгөргөнү – менин кайгым», – дедим.

    76:12 Теңирдин иштерин эске салам. Сенин мурунку кереметтериңди эске салам.

    76:13 Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, Сенин улуу иштериң жөнүндө ойлоном.

    76:14 Кудай! Сенин жолуң ыйык. Биздин улуу Кудайдай Кудай барбы?

    76:15 Сен укмуштарды жараткан Кудайсың. өз кудуретиңди элдердин арасында айкын көрсөттүң.

    76:16 Сен өзүңдүн кудуреттүү күчүң менен өз элиңди, Жакып менен Жусуптун уулдарын куткардың.

    76:17 Кудайым, Сени суулар көрүштү, Сени суулар көрүп коркушту, туңгуюктар титирешти.

    76:18 Булуттар сууларын төгүп, асмандан күн күркүрөдү, Сенин жебелериң учту.

    76:19 Сенин добулуңдун үнү бүт асманга жаңырды, чагылган ааламды жарык кылды, жер солкулдап титиреди.

    76:20 Сенин жолуң деңизде жатат, Сенин чыйырың чоң сууларда жатат, Сенин изиңди үч ким таппайт.

    76:21 өз элиңди Мусанын жана Арундун колу менен койлорду эүрчиткенсип эүрчитип жүрдүң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск