Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 77

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    77-ЗАБУР

    Кудай жана Анын эли

    77:1 Асаптын эйрөтүүсү. элим, менин мыйзамымды ук, менин оозумдан чыккан сөздөргө кулак сал.

    77:2 Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат, өткөн заманда болгон окуяларды айтып берем.

    77:3 Уккандарыбызды, билгендерибизди, ата-бабаларыбыздын бизге айтып бергендерин баяндайм.

    77:4 Буларды балдарыбыздан жашырбайбыз, келе жаткан муунга Теңирдин даңкын, күчүн, көрсөткөн кереметтерин жарыя кылам.

    77:5 Ал Жакып үчүн мыйзам чыгарып, Ысрайыл үчүн мыйзам жазган, ошол мыйзамдарды биздин ата-бабаларыбызга балдарына айтып берүүнү осуят кылган.

    77:6 Аларды келе жаткан муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн, убагы келгенде алар да өз балдарына айтып бериши үчүн,

    77:7 Кудайдан эмүт кылышы үчүн, Анын иштерин унутпашы үчүн, Анын осуяттарын сакташы үчүн,

    77:8 өздөрүнүн ата-бабаларындай, жүрөктөрү өзгөрбөгөн, руху менен Кудайга берилбеген, баш ийбес, кежир муун болбошу үчүн осуят кылган.

    77:9 Куралданган, жаа тарткан эпрайым уулдары согуш болуп жаткан күнү артка качышты.

    77:10 Алар Кудайдын осуятын сакташкан жок, Анын мыйзамы боюнча жашоодон баш тартышты.

    77:11 Анын иштерин жана өздөрүнө көрсөткөн кереметтерин унутушту.

    77:12 Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында Мисир жеринде, Соан талаасында кереметтерди көрсөттү.

    77:13 Деңизди жара бөлүп, аларды ошол аркылуу өткөрдү, сууну дубалдай тургузду.

    77:14 Күндүз аларды булут менен, түнкүсүн от жарыгы менен алып жүрдү.

    77:15 Түпсүздүктөн суу чыгарып бергендей, чөлдө ташты жарып, алардын суусунун кандырды.

    77:16 Аскадан суу чыгарды, суу дарыядай акты.

    77:17 Бирок алар Анын алдында күнөө кыла беришти, чөлдө бардыгынан жогору турган Кудайды каарданта беришти.

    77:18 өз жүрөктөрүндө Кудайды сынап, өздөрү каалаган тамакты талап кылышты.

    77:19 Кудайга каршы сүйлөп: «Чөлдө Кудай дасторкон даярдап бере алмак беле?» – дешти.

    77:20 Бирок ал ташты урганда, суу чыгып ага баштады. «Кудай нан бере алмак беле? Ал өз элине эт бышырып бере алмак беле?» – дешти.

    77:21 Муну Теңир угуп, катуу каарданды. Жакыпка каршы от жалындап күйдү, Кудайдын каары Ысрайылга каршы бет алды.

    77:22 Анткени алар Кудайга ишенишкен жок, Анын куткарарына ишенишкен жок.

    77:23 Ал асмандагы булуттарга буйрук берип, асман эшиктерин ачты.

    77:24 Алардын үстүнө асмандан манна жаадырды, аларга асман нанын берди.

    77:25 Адамдар периштелердин нанын жешти, Кудай аларга тамакты тоюшунча берди.

    77:26 Асмандан чыгыш шамалын козгоду, өз күчү менен түштүк шамалын жиберди.

    77:27 Аларга этти топурактай жаадырды, канаттууларды деңиз кумундай жаадырды.

    77:28 Аларды кошуундарынын арасына, үйлөрүнүн жанына жаадырды.

    77:29 Алар жеп, аябай тоюшту. Аларга каалаганын берди.

    77:30 Бирок алардын каалоосу кана электе эле, алар тамактарын жута электе эле,

    77:31 аларга каршы Кудайдын каары келип, алардын бараандууларын өлтүрдү, Ысрайылдын жигиттерин сулатты.

    77:32 Бирок алар ушунун баарын көрүп турушса да, күнөө кыла беришти, Анын кереметтерине ишенишкен жок.

    77:33 Ошол үчүн Кудай алардын жашоо күндөрүн түйшүктүү кылып, жашоо жылдарын дүрбөлөңгө түшүрдү.

    77:34 Кудай аларды өлтүрө баштаганда, алар Кудайды издей башташты; Кудайга кайрылып, таң азандан Кудайга жалынышты.

    77:35 Кудай өздөрүнүн баш калкалар жайы экенин, бардыгынан жогору турган Кудай өздөрүнүн Куткаруучусу экенин ошондо үстешти.

    77:36 Ооздору менен Ага кошомат кылышты, тилдери менен Анын алдында калп айтып жатышты.

    77:37 Жүрөктөрү болсо Анын алдында таза эмес эле, алар Анын осуятына берилишкен эмес.

    77:38 Бирок Ал ырайымдуулук кылып, алардын күнөөлөрүн кечирди, аларды кырып салган жок. Көп жолу каарын кайт кылды, көп жолу өзүнүн бүт жаалын козгогон жок.

    77:39 Кудай алардын кетсе кайрылып келбей турган адам экенин, жел экенин эске алды.

    77:40 Алар чөлдө Аны канча жолу каардантышты! үч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты!

    77:41 Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти.

    77:42 Алар Анын куткарган колун, Анын эзүүдөн куткарган күнүн унутушту.

    77:43 Анын Мисирде жасаган кереметтерин жана Соан талаасындагы ажайыптарын унутушту.

    77:44 Алар суу иче албай калышы үчүн, Кудай алардын дарыялары менен өзөндөрүн канга айландырды.

    77:45 Аларды чактырыш үчүн курт-кумурскаларды, өлтүрүш үчүн курбакаларды каптатты.

    77:46 Алардын өстүргөн өсүмдүктөрүн кырк аяктарга, алардын эмгегин чегирткелерге жем кылды.

    77:47 Алардын жүзүмдөрүн мөндүр менен, тыт жыгачтарын муз менен талкалады.

    77:48 Алардын бодо малын добул менен, майда малын чагылган менен кырды.

    77:49 Аларга өзүнүн каарынын жалынын, ачуусун, жаалын жана алааматын каптатып, кыйратуучу периштелерди жөнөттү.

    77:50 өзүнүн каарын кандыруунун жолун тапты, алардын жанын өлүмдөн сактаган жок, малдарына жугуштуу оору каптатты.

    77:51 Мисирдеги бардык тун балдарды, Хам чатырларындагы бардык күч башаттарын өлтүрдү.

    77:52 Анан өз элин койлордой алып жөнөдү, аларды чөлдө койлордой алып жүрдү.

    77:53 Аларды коопсуз алып жүрдү, алар коркушкан жок, алардын душмандарын болсо деңиз басып калды.

    77:54 Аларды өзүнүн ыйык жерине, өзүнүн оң колу менен эүлеп алган ушул тоого алып келди.

    77:55 Алардын алдынан элдерди кууп жиберип, алардын жерин аларга мурас кылып бөлүп берди, Ысрайыл урууларын алардын үйлөрүнө киргизди.

    77:56 Бирок алар бардыгынан жогору турган Кудайды дагы сынашты, капалантышты, Анын мыйзамдарын сакташкан жок.

    77:57 Ата-бабаларына окшоп туруксуз, ишенимсиз болушту, кайып кеткен жебедей артка кетишти.

    77:58 өздөрүнүн бийик жерлери менен Аны каардантышты, таш буркандары менен Анын кызганычын козгошту.

    77:59 Кудай муну угуп, катуу каарданды, Ысрайылга аябай ачууланды.

    77:60 Кудай Шилодо турган үйүн, адамдар арасында өзү жашаган жыйын чатырын таштап кетти.

    77:61 өзүнүн чебин туткунга, өзүнүн даңкын душмандардын колуна салып берди.

    77:62 өз элин кылыч мизине салып берди, өз мурасына ачууланды.

    77:63 үлдин жигиттерин от жалмады, анын кыздарына арнап нике ырларын ырдабай калышты.

    77:64 Ыйык кызмат кылуучулары кылычтан өлүп жатышты, жесирлери ыйлабай калышты.

    77:65 Бирок Теңир уйкудан ойгонгонсуп, шараптан соолуга албай жаткан алптай болуп, ордунан туруп келди да,

    77:66 анын душмандарын артка качырды, түбөлүккө уятка калтырды.

    77:67 Жусуптун чатырын четке какты, эпрайым уруусун тандап алган жок.

    77:68 Тескерисинче, Жүйүт уруусун жана өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алды.

    77:69 өзүнүн ыйык жайын асмандай бийик кылып курду, жердей кылып түбөлүккө тургузду.

    77:70 өз кулу Дөөттү кой короодон тандап алды, аны алып чыкты.

    77:71 Аны саан малдан бөлүп алып, өз эли Жакыпты, өз мурасы Ысрайылды кайтартуу үчүн алып келди.

    77:72 Дөөт аларды таза жүрөк менен кайтарды, аларды акылман колу менен жетектеп жүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск