Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Песнь Песней 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    6:1 «Аялдын сулуусу, сүйгөн жигитиң кайда кетти? Сенин сүйгөнүң кай тарапка багыт алды? Биз сени менен кошо издейли».

    6:2 «Менин сүйгөн жигитим өзүнүн койлорун бак ичинде кайтарыш үчүн, лилия гүлдөрүн териш үчүн, өзүнүн багына, жыпар жыттуу гүлзарына кетти.

    6:3 Мен сүйгөн жигитиме таандыкмын, ал мага таандык. Ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт».

    Бешинчи ыр

    6:4 «Сүйгөн кызым, Тирса сымал сулуусуң! Иерусалимдей татынасың, туу көтөргөн кошуундай сүрдүүсүң!

    6:5 Менден көзүңдү ал, анткени көздөрүң мени толкундантып жатат!

    6:6 Чачың Гилат тоосунан түшүп келе жаткан эчкилердей. Тиштериң суудан чыгып келе жаткан койлордой. Алардын ар биринин эгиз козулары бар, алардын арасында кысыр калганы жок.

    6:7 Тармал чачыңдын астындагы эки бетиң экиге бөлүнгөн анардай.

    6:8 Алтымыш ханыша, сексен күң аял, сан жеткис кыз бар.

    6:9 Бирок менин көгүчкөнүм, таптазам – теңдеши жок кыз. Ал – энесинин жалгыз кызы, төрөгөн энесинин эң сүйүктүү кызы. Кыздар аны көрүп макташты, ханышалар жана күң аялдар аны даңкташты».

    6:10 «Таң нурундай жаркыраган, ай сыяктуу суйкайган, күн сыяктуу жарык, туу көтөргөн кошуундай сүрдүү бул ким?»

    6:11 «Мен өрөөндөгү бак-дарактардын көгөргөнүн көрөйүн деп, жүзүм сабагы бүчүр алды бекен, анар гүлдөдү бекен деп жаңгак багына келдим.

    6:12 үлимдин атактуу адамдарынын арабаларына жаным мени кантип алып барганын билбейм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск