Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Иерусалимдин курчоого алынары жөнүндө пайгамбарчылык

    4:1 «Сен, адам уулу, кыш ал, аны өзүңдүн алдыңа кой, анан ага Иерусалим шаарынын сүрөтүн тарт.

    4:2 Аны курчоого ал, ага каршы чеп кур, анын тегерегине жал эй, кошуун жайгаштыр, тегерете дубал бузгучтарды кой.

    4:3 Темир таба алып, аны өзүң менен шаардын ортосуна темир дубал катары кой, анан шаарга жүзүңдү бур. Ал курчоодо калат, сен аны курчоого ал. Бул Ысрайылга белги болот.

    4:4 Сол капталың менен жат, анан анын үстүнө Ысрайылдын мыйзамсыздыгын кой. Сол капталың менен жаткан күндөрдүн санына жараша сен алардын мыйзамсыздыгын көтөрөсүң.

    4:5 Мен сага алардын мыйзамсыздык кылган жылдарынын санын күндөрдүн саны менен белгилеп бердим: Ысрайылдын мыйзамсыздыгын сен үч жүз токсон күн көтөрөсүң.

    4:6 Муну аткаргандан кийин, кийинки жолу оң капталың менен жат, Жүйүттүн мыйзамсыздыгын кырк күн көтөр, бир күн бир жылга барабар, Мен сага бир күндү бир жылга белгилеп бердим.

    4:7 Жүзүңдү жана жылаңач оң колуңду Иерусалим курчоосуна бур, анан ага каршы пайгамбарчылык кыл.

    4:8 Мен сага кишен салдым, сенин курчоодо турган күндөрүң бүтмөйүнчө, бир капталыңдан экинчи капталыңа оодарылбайсың.

    4:9 өзүңө буудай, арпа, буурчак, жасмык, таруу жана кара буудай алып, аларды бир идишке салып, алардан капталың менен жаткан күндөрдүн саны боюнча нан жаса. Аларды сен үч жүз токсон күн жейсиң.

    4:10 Жей турган тамагыңды таразага тартып, күнүнө жыйырма шекелден же, аны эртеден кечке чейин өз маалы менен же.

    4:11 Сууну да өлчөмү менен ич, гиндин алтыдан бир бөлүгүн ич. эртеден кечке чейин өз убагы менен ушинтип ич.

    4:12 Аларды элдин көз алдында арпа нандай кылып адамдын заңына бышырып же».

    4:13 Анан Теңир мындай деди: «Ысрайыл уулдары Мен аларды кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасында ушинтип таза эмес нан жешет».

    4:14 Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! Менин жаным үч качан булганган эмес, жаш чагымдан ушул күнгө чейин тарпты да, жырткыч тытып кеткенди да жеген эмесмин. үч кандай таза эмес эт оозума алган эмесмин», – дедим.

    4:15 Ошондо Ал мага: «Мен сага адамдын заңынын ордуна уйдун тезегин уруксат кылам, наныңды ошого бышыр», – деди.

    4:16 Анан мага: «Адам уулу! Мен Иерусалимдеги нан булагын кыйратам. Ошондо алар нанды өлчөп, кайгырып жешет, сууну да өлчөп, көңүлдөрү чөгүп ичишет.

    4:17 Себеби аларда суу менен нан жетишсиз болот. Алар бири-бирине коркунуч менен карашат, өз мыйзамсыздыгы үчүн соолуп жок болушат, – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск