Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Малахия 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1-9 Кудуреттүү Кудай диний кызматкерлерге мындай дейт: "Силер мени сыйлашыңар керек! эгер мени укпай, айткан сөзүмдү таназарыңарга албасаңар, каргышка каласыңар. Мурда берген баталарымды каргышка айлантам. Чынында мен аларды эмитен эле каргышка алып жатам, анткени силер менин айткандарыма көңүл бургуңар келген жок. Ошондуктан мен силердин балдарыңарды жазалайм. Курмандыкка апкелген малыңардын заңын бетиңерге шыбайм. Анан малыңар менен кошо тышка ыргытыласыңар. Ошондо мен осуяттарымды Левийдин тукумуна сактасын үчүн бергенимди билесиңер. Менин осуяттарым аманчылык менен тынчтык алып келүүчү осуяттар болчу. Аларды мени урматтасын деп бергем. Ошол убакта алар чындыгында эле мени сыйлап, менден ыйбаа кылышчу. Акыйкатты окутушуп, ооздорунан бейчеки кеп чыкчу эмес. Менин менен тынчтыкта жашап, ак мамиледе жүрүшчү. Көп пенделерди күнөөдөн буруп, оң жолго салышчу. Анткени диний кызматкердин милдети - элди Кудайдын ак жолуна эйрөтүү. Себеп дегенде диний кызматкер - бул Кудайдын жарчысы. Бирок силер оң жолдон бурулуп кеттиңер. Диний мыйзамды бузганыңар менен көпчүлүккө азгырык болдуңар. Левийдин мени менен түзгөн келишимин буздуңар. Ушундай кылганыңар үчүн мен силерди эл алдында жек көрүндү кылып, кордук тарттырам, анткени силер менин ак жолумда жүрбөй койдуңар. Менин сөзүмө кылдат мамиле кылган жоксуңар." элдин Кудай алдында ишенимсиздиги.

    2:10-17 Баарыбыздын Атабыз бир Кудай эмеспи? Баарыбызды бир Кудай жараткан эмеспи? Анда эмне үчүн бири-бирибизге кыянаттык кылып, ата-бабаларыбыздын осуятын бузабыз? Яхуда Кудай алдында ак болбогондуктан Иерусалимде, ал тургай бүткүл Исраилде эгебиздин осуяттары бузулуп жатат. Ал бөтөн кудайдын кызына үйлөнүп, эгебиздин ыйык жайын булгады51 . Ылайым ушундай кылганды Теңир Жакыптын чатырынан сыртка чыгарып таштасын! Курмандык чалгандардын арасынан кетирсин! Силер дагы мындай кылып жатасыңар: Теңирдин курмандык чалчу жайын көз жашына суугарып, онтоп, зарлаган ыйга бөлөп салдыңар. Ошондон улам ал силердин алып келген курмандыктарыңарга көңүл бурбай калды. Силер: "үмне үчүн кабыл албайт?" - дейсиңер. Жаш кезиңерден баш кошкон жанбиргеңер, ак никедеги аялыңардын көзүнө чөп салып, анын алдында берген убадаңардан тайганыңар үчүн. Бул убадаңарга Теңир өзү күбө болбоду беле? Кудай экөөңөрдү бир дене, бир эт кылып койбоду беле? эмне максат менен силерди Кудай ушундай кылды эле? Ак жолдо жүргөн укум-тукумдардын ата-энеси болсун деп Теңир ушундай кылган да, туурабы? Андыктан жубайыңар менен ак жашап, нике бузуудан сак болбойсуңарбы. Анткени, чынында Кудай ажырашууну да, таш боор адамдарды да жек көрөрүн билбейсиңерби? өзүңөрдү байкап, никеңерди булгабай жүрбөйсүңөрбү? Силер ар кандай сөздөрүңөр менен Кудайды жадаттыңар. "үмнебиз менен биз аны жадатыптырбыз?" дейсиңер. "Кудайга жамандык кылгандар жагат. Ал ошондойлорго жакшылык кылат!" дегениңер менен, ошондой эле: "Адилет сот жүргүзө турган Кудай кайда кеткен? Анын биз менен кылдай иши жок!" дегениңер менен. Кудайдын кабарчысы

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск