Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Малахия 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    3:1-5 "Мына, мага жол даярдасын үчүн алдыман кабарчымды жөнөтүп жатам. Анан силер издеп жүргөн Теңир өзүнүн ибадатканасына күтүлбөгөн жерден кирип келет. эңсеген кабарчыңар келип, сүйүнчү кабарды жарыялайт. Бирок ал келгенде ким анын алдында чыдап тура алат? Ким ошол күндү көтөрө алат? Анткени ал күн темирди эүритчү жалындаган оттой, терини оюп кетчү кир самындай болот. Кабарчым зергерге окшоп олтуруп алып, күмүштүн аралашмадан тазаланып жатканын байкап турат. Алтын-күмүштү эүриткендей Левиттин балдарын кайра тазалап, аларды Кудайга акыйкаттык менен курмандык алып келе турган диний кызматкерлер кылат. Ошондо Яхуда менен Иерусалимдин курмандыктары түү илгерки замандардагыдай Теңирге жага турган болот. Анан мен силерди соттош үчүн келем. Балчылар менен аягы суюктардын, жалган күбөлүк айткандардын, эмгек акыны төлөбөгөндөрдүн, жетим-жесирлер менен мусапырларды кысымга алгандардын, дегеле менден коркпогондордун баарынын күнөөлөрүн ашкере кылам", - дейт кудуреттүү Кудай таала. Кудайды кандайча алдашат?

    3:6-18 "Мен Жараткан эгеңермин, үч качан өзгөрбөйм. Ошондуктан силер, Жакыптын балдары, тукум курут болуп кырылып калган жоксуңар. Силер да ата-бабаларыңар сыяктуу эле менин мыйзамдарымдан тескери бурулуп кеттиңер, аларды сактаган жоксуңар. "Мага жүз бургула, ошондо мен да силерге жүзүмдү бурам десем" силер: "Бу кандайча биз сага жүзүбүздү бурушубуз керек, биз сенден үч качан тескери кеткен жокпуз!" - дейсиңер. Силерге суроо берейин, жооп бергилечи: пендеге Кудайды алдаганга болобу? А силер мени алдап жатасыңар! "үмне деп жатасың, кандайча биз сени алдадык?" - дүүрсиңер. Мага арналган ондуктар менен тартуулардан кытып калып жатканыңар менен мени алдап жатасыңар. Силерге каргыш тийсин, себеби силер - бүткүл Исраил эли - мени алдап жатасыңар. Ибадатканада тамак жайнап турсун үчүн, бардык ондуктарыңарды мага алып келгиле. Жок дегенде мени ушинтип сынап көрбөйсүңөрбү: ошондо мен силерге батамды көктөн жаадыртпайт бекем? Асман терезелерин шарак эткизип ачып жиберип, ашып-ташкан береке-кутту башыңарга төкпөйт бекем? Мен силердин эгиниңерди курт-кумурскага жедиртпей коет элем го. Жүзүмзарыңардын сабактарын салаңдаган оор шиңгилдеринин салмагынына ийилтет элем го. Жашаган жериңердин ырыскысын ашып-ташырып, жер бетиндеги элдердин баарын суктандырып: "Булар бактылуу эл экен!" - дедиртет элем го. Силер мага акаарат келтирип жатасыңар да: "Кандайча биз сага акаарат келтирип жатабыз?" - дейсиңер. "Кудайга кызмат кылгандан не пайда? Мыйзамдарын сактап, анын алдында кара кийим жүргөндөн не утуп жатабыз? Карачы, көпкөндөр жыргап-куунап эле жүрүшөт. Мыйзамсыздардын иштери ийгиликтүү. "Кудай дагы канчага чейин чыдаар экен" дегенсип, күнөөлүү иштерин көз көрүнөө кылгандарды Кудайдын жазалаганы кана?" дейсиңер. Ал эми Кудайдан корккондор болсо мындай дешет: "Кудай булардын баарын угуп, көрүп турат. Кудайдан корккондор тууралуу Кудай алдында китеп жазылып жатат." Жараткан Теңир алар тууралуу: "Бул адамдар мага караштуу, менин менчигим. Соттой турган күнүм келгенде мен аларга ырайым кылам. Тил алчаак уулуна мүүримин төккөн атадай болом. Ошондо чыныгы такыбаа менен бузукунун, мага чындап кызмат кылган адам менен кызмат кылбагандын айырмачылыгын кайрадан көрөсүңөр." Кудайдан корккондордун жана бузукулардын тагдыры

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск