Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 107

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    107-ЗАБУР

    Кудайды ырайымы үчүн даңктоо

    107:1 Ыр. Дөөттүн забуру.

    107:2 Кудайым, Менин жүрөгүм даяр. Мен ырдайм, аспап чертип ырдайм, ойгон, жаным!

    107:3 Ойгон, арфа жана гусли! Мен эрте турам.

    107:4 Теңир, мен Сени элдер арасында даңктайм. Мен Сени уруулар арасында мактап ырдайм.

    107:5 Анткени Сенин ырайымың асмандан бийик, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет.

    107:6 Жогору көкөлө, Кудайым. Бүт жер үстүндө Сенин даңкың болсун.

    107:7 Сенин сүйүктүүлөрүң бошотулсун: мени өзүңдүн оң колуң менен куткар, мага кулак сал.

    107:8 Кудай өзүнүн ыйык жайында мындай деди: «Жеңишке жетем, Шекемди бөлөм, Сукот өрөөнүн өлчөйм.

    107:9 Гилат да, Менаше да Меники, эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жүйүт Менин бийлик таягым.

    107:10 Маап Менин жууна турган чылапчыным. эдомго өтүгүмдү сунам. Пелишти жерин жеңип, жеңиш үнү менен кыйкырам».

    107:11 Ким мени бекем чептүү шаарга киргизет? Ким мени эдомго жеткирет?

    107:12 Кудайым, Сен бизди таштап койдуңбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыңбы?

    107:13 Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.

    107:14 Кудай менен күчтүүбүз, Ал душмандарыбызды кулатат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск