Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 108

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    108-ЗАБУР

    Куугунтукта жүргөн адамдын душмандарынан өч алуусун сурап Кудайга сыйынуусу

    108:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Мен даңктаган Кудай! Унчукпай койбо.

    108:2 Анткени кудайсыздар менен арамзалар мага каршы ооздорун ачышты, алар мага калп сүйлөп жатышат.

    108:3 Мага бардык жактан, туш-туштан жек көрүү менен сүйлөшөт, мага каршы себепсиз эле куралданып жатышат.

    108:4 Сүйүүм үчүн алар мага каршы чыгып жатышат, мен болсо сыйынып жатам.

    108:5 Жакшылыгым үчүн мага жамандык кылып жатышат, сүйүүм үчүн мени жек көрүп жатышат.

    108:6 Анын үстүнө кудайсызды кой, айыптоочу анын оң жагында турсун.

    108:7 Сот болгондо, күнөөлүү болуп чыксын, анын сыйынуусу күнөө болуп эсептелсин.

    108:8 Анын өмүрү кыска болсун, анын ардактуу ордун башка бирөө алсын.

    108:9 Анын балдары жетим калсын, аялы жесир калсын.

    108:10 Балдары тентип, кайыр сурашсын, өздөрүнүн ураган үйүнүн алдында тамак сурап отурушсун.

    108:11 Карыз берген адам анын болгон нерсесин көтөрүп кетсин, анын эмгегин башка бирөөлөр талап кетишсин.

    108:12 Ага үч кимдин боору оорубасын, анын жетимдерине үч ким ырайым кылбасын.

    108:13 Анын тукуму кырылсын, алардын аты өчсүн.

    108:14 Анын ата-бабаларынын мыйзамсыз иштери Теңирдин алдында унутулбасын, анын энесинин күнөөсү өчүрүлбөсүн.

    108:15 Алар ар дайым Теңирдин көз алдында болушсун, Теңир алардын ысымын жер үстүнөн өчүрсүн.

    108:16 Анткени ал ырайым кылуу жөнүндө ойлогон жок, тескерисинче, бей-бечара, жакыр, жүрөгү жаралуу адамды өлтүрүш үчүн куугунтукка алган.

    108:17 Каргышты жакшы көрдү, ал анын башына тийди. Батаны каалаган жок, андан ажырады.

    108:18 Каргышты чапандай кийип жүрсүн; каргыш суудай болуп, анын ичине кирсин; майдай болуп, анын сөөгүнө кирсин.

    108:19 Каргыш ага кийип жүргөн кийимдей болсун, ар дайым өзү курчанып жүргөн курдай болсун.

    108:20 Менин душмандарым жана мага каршы сүйлөгөндөр Теңирден ушундай жаза алышат!

    108:21 Мага болсо, Теңирим, Теңирим, өз ысымың үчүн кыл, анткени Сенин ырайымың жакшы, мени куткар.

    108:22 Анткени мен жардымын жана жакырмын, менин жүрөгүм жаралуу.

    108:23 Мен өтүп бара жаткан көлөкөдөй жок болуп бара жатам. Мени чегирткедей кубалап жатышат.

    108:24 Орозодон тизелерим алсырады, денемден май кетти.

    108:25 Мен аларга күлкү болдум. Мени көргөндө, баштарын чайкашат.

    108:26 Мага жардам бер, Теңирим, Кудайым! Мени өзүңдүн ырайымың менен куткар.

    108:27 Теңирим, бул Сенин колуң экенин, муну Сен кылганыңды билишсин.

    108:28 Алар каргап жатышат, бирок Сен мага батаңды бер, алар каршы чыгып жатышат, бирок уятка калышсын, өзүңдүн кулуң болсо кубансын.

    108:29 Душмандарымдын абийири төгүлсүн, шылдыңды кийимдей кийишсин.

    108:30 Ошондо мен катуу эн менен Теңирди даңктайм, сансыз элдин арасында Аны даңазалайм.

    108:31 Анткени жанын соттогондордон куткаруу үчүн, Теңир жакырдын оң жагында турат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск