Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 106

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    106-ЗАБУР

    Кудайдын өз элине ырайым кылуусу

    106:1 «Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!»

    106:2 Душмандын колунан Теңир өзү куткарып алгандар ушинтип айтышсын.

    106:3 Кудай аларды чыгыш менен батыштагы, түндүк менен түштүктөгү өлкөлөрдөн чогултту.

    106:4 Алар чөлдө, эл жүрбөгөн жолдо адашып жүрүштү, эл отурукташкан шаар таба алышпады.

    106:5 Ачка болушту, суусашты, алардын жаны алсырады.

    106:6 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

    106:7 Аларды эл отурукташкан шаарга жеткириш үчүн, түз жол менен алып барды.

    106:8 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

    106:9 Анткени Ал суусагандын суусунун кандырды, ачка болгонду жакшылыкка тойгузду.

    106:10 Алар азап чегип, темир менен кишенделип, караңгыда, өлүм көлөкөсүндө отурушту.

    106:11 Анткени алар Кудайдын сөздөрүнө моюн сунбай коюшту, Бардыгынан Жогору Тургандын чечимдерин четке кагышты.

    106:12 Теңир алардын жүрөгүн оор жумуш менен моюн сундурду; алар мүдүрүлүп жыгылганда, жардам берер үч ким болгон жок.

    106:13 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

    106:14 Теңир аларды караңгылыктан жана өлүм көлөкөсүнөн куткарды, аларды байлаган кишендерди талкалады.

    106:15 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

    106:16 Анткени Ал жез дарбазаларды талкалады, темир торлорду сындырды.

    106:17 Акылы жоктор өздөрүнүн мыйзамсыз жолдору үчүн, жалган иштери үчүн азап тартышты.

    106:18 Алардын жаны ар кандай тамакты танды, алар өлүм дарбазасына жакындап калышкан.

    106:19 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

    106:20 Ал өз Сөзүн жиберип, аларды айыктырды, аларды өздөрүнүн көрүнөн куткарды.

    106:21 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

    106:22 Ага мактоо курмандыгын арнагыла, Анын кылган иштерин ыр менен жар салгыла!

    106:23 Кеме менен деңизге чыккандар, чоң сууларда иш жүргүзгөндөр

    106:24 Теңирдин иштерин жана кереметтерин деңиздин тереңинен көрүшөт:

    106:25 Ал сүйлөгөндө катуу шамал болуп, анын толкундарын бийик көтөрөт.

    106:26 Алар асманга чейин көтөрүлүп, деңиздин түбүнө түшөт. Баштарына кыйынчылык түшкөндө, алардын жаны кыйналат.

    106:27 Алар мас кишидей теңселип, темтеңдешет, ошондо алардын бүт акылмандыгы жоголот.

    106:28 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

    106:29 Ал бороонду тынчтандырат, ошондо толкундар басылат.

    106:30 Ошондо алар толкундун басылганына кубанышат, Теңир аларды өздөрү каалаган кеме токтоочу жерге жеткирет.

    106:31 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

    106:32 Аны элдердин жыйынында даңазалашсын, Аны аксакалдар жыйынында даңкташсын!

    106:33 Ал дарыяларды чөлгө айландырат, суу башаттарын кургактыкка айландырат.

    106:34 Тургундарынын мыйзамсыздыгы үчүн түшүмдүү жерди шор жерге айландырат.

    106:35 Ал чөлдү көлгө айландырат, какшыган жерди суу башаттарына айландырат.

    106:36 Ал жерге ач-жылаңачтарды отурукташтырат, алар ал жерге шаар куруп жашашат.

    106:37 Талааларга эгин айдашат, жүзүмзар отургузушат, жүзүмзарлар аларга мол түшүм берет.

    106:38 Кудай аларга батасын берет, ошондо алар сан жеткис болуп көбөйүшөт, алардын малы да азайбайт.

    106:39 Алар азайышты; алар эзүүдөн, кыйынчылыктардан, кайгыдан кырылышты.

    106:40 Ал төрөлөрдү уятка калтырып, аларды жолдору жок чөлдө адаштырып таштайт.

    106:41 Жакырды болсо кыйынчылыктан куткарат, анын укум-тукумун короо-короо койлордой көбөйтөт.

    106:42 Адил адамдар муну көрүп кубанышат, ал эми кудайсыздар ооздорун басышат.

    106:43 Ким акылдуу болсо, ал муну байкайт жана Теңирдин ырайымын түшүнөт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск