Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 105

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    105-ЗАБУР

    Ысрайылдын күнөөлөрү жөнүндө

    105:1 Теңирди даңктагыла. Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    105:2 Кудайдын кудуреттүү иштерин ким айтып бүтө алат? Анын бүт даңкын ким жар салып бүтө алат?

    105:3 Акыйкаттыкты сактагандар жана адилет иш кылгандар бактылуу!

    105:4 өз элиңе ырайым кылганда, мени үсте, Теңирим. Мага өзүңдүн куткарууң менен кел!

    105:5 өзүң тандап алгандардын жыргал турмушун көрөйүн, элиңдин кубанганын көрүп кубанайын, өзүңдүн мурасың менен сыймыктанайын.

    105:6 Биз өзүбүздүн ата-бабаларыбызга окшоп күнөө кетирдик, мыйзамсыз иштерди кылдык, жалган иштерди жасадык.

    105:7 Биздин ата-бабаларыбыз Мисирде Сенин кереметтериңди түшүнүшкөн жок, Сенин көп жолу көрсөткөн ырайымыңды үстешкен жок, деңиздин жанында, Кызыл деңиздин жанында нааразы болушту.

    105:8 Бирок Теңир аларды өз ысымы үчүн, өз кудуретин көрсөтүү үчүн куткарды.

    105:9 Ал Кызыл деңизге катуу сүйлөдү эле, ал соолуп калды. Аларды тереңдиктен кургак жер менен өткөндөй алып өттү.

    105:10 Аларды жек көргөндөрдүн колунан куткарды, душмандардын колунан бошотту.

    105:11 Суу алардын душмандарын басып калды, алардын бири да тирүү калган жок.

    105:12 Ошондо алар Теңирдин сөзүнө ишенип, Аны даңктап ырдашты.

    105:13 Бирок Анын иштерин тез эле унутуп коюшту, Анын буйруктарын күтүшкөн жок.

    105:14 Алар чөлдө каалоолоруна берилишти, Кудайды эл жашабаган жерде сынашты.

    105:15 Теңир алардын сураганын аткарды, бирок алардын жандарына оору жиберди.

    105:16 Алар кошуунда Теңирдин ыйыктары Муса менен Арунга көз артышты.

    105:17 Жер ачылып, Датанды жутуп алды; Абырамды тууган-уругу менен кошо жер басып калды.

    105:18 Алар топтошкон жерден от чыкты, кудайсыздарды жалын күйгүзүп кетти.

    105:19 Алар Хореп тоосунда музоо жасап алып, ошол жасалма кудайга табынышты.

    105:20 Ошентип, өздөрүнүн даңкын чөп жеген музоонун айкелине алмаштырышты.

    105:21 Мисирде улуу ишти жасаган өздөрүнүн куткаруучу Кудайын унутуп коюшту.

    105:22 Анын Хам жеринде көрсөткөн кереметтерин, Кызыл деңизде кылган коркунучтуу иштерин унутуп коюшту.

    105:23 Ошондо Кудай аларды кырып салгысы келди, бирок Кудайдын тандап алган адамы Муса Анын каарын токтотуу үчүн, асканын жаракасына тура калды, болбосо Кудай алардын баарын кырып салмак.

    105:24 Алар өздөрү эңсеген жерди жек көрүштү, Анын сөзүнө ишенишкен жок.

    105:25 өз чатырларында наалышты, Теңирдин үнүнө кулак салышкан жок.

    105:26 Ошондо Кудай өзүнүн колун көтөрүп, аларды чөлдө жок кылам деп,

    105:27 алардын тукумун башка элдердин арасында кыйратам деп, аларды жер жүзүнө таратып жиберем деп ант берди.

    105:28 Алар Баал-Пейор деген жасалма кудайга жабышып, жансыз кудайларга чалынган курмандыктарды жешти.

    105:29 Алар Кудайды өздөрүнүн иштери менен каардантышты, ошондо аларды жугуштуу оору каптады.

    105:30 Пинехас чыгып, акыйкат чара көрдү, ошондо жугуштуу оору токтоду.

    105:31 Бул ага кылымдар бою, укумдан-тукумга адилеттик катары эсептелинди.

    105:32 Алар Мериба суусунун боюнда Кудайды каардантышты, алар үчүн Муса жабыр тартты.

    105:33 Анткени алар анын рухун капалантышты, ошондо Муса тили менен күнөө кетирди.

    105:34 Алар Теңир айткан элдерди жок кылышкан жок.

    105:35 Тескерисинче, бутпарас элдер менен аралашып, алардын иштерин эйрөнүп алышты.

    105:36 Алардын жасалма кудайларына кызмат кылышты, ошолор алар үчүн тор болду.

    105:37 өздөрүнүн уулдары менен кыздарын жиндерге курмандыкка чалышты.

    105:38 Айыпсыз кан төгүштү, өздөрүнүн уулдары менен кыздарынын канын төгүштү, аларды канаандыктардын жасалма кудайларына арнап курмандыкка чалышты. Ошентип, жер кан менен булганды.

    105:39 өз иштери менен өздөрүн булгашты, иш-аракети менен бузукулук кылышты.

    105:40 Ошондо Кудай өз элине каарданды, өз мурасынан жийиркенди.

    105:41 Ошон үчүн аларды бутпарастардын колуна салып берди, аларды жек көргөндөр аларды башкарып калышты.

    105:42 Аларды өз душмандары кысымга алышты, алар душмандарынын кол астында моюн сунушту.

    105:43 Теңир аларды көп жолу куткарган эле, бирок алар Теңирди өздөрүнүн кежирлиги менен каардантышты. Ошентип, алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн кордолушту.

    105:44 Бирок Кудай алардын ыйын укканда, алардын кайгысына назар салды.

    105:45 өзүнүн алар менен түзгөн келишимин үстеди. Аябай ырайымдуу болгондуктан, аларды аяды.

    105:46 Аларды туткундагандардын жүрөгүндө боорукердикти ойготту.

    105:47 Бизди куткар, Кудай-Теңирибиз, бизди башка элдердин арасынан чогултуп ал. Биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы.

    105:48 Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңктала берсин! Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – десин.

    БЕШИНЧИ КИТЕП

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск