Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 131

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    131-ЗАБУР

    Дөөттүн убадасы жана Кудайдын убадалары

    131:1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңир, Дөөттү үсте, анын бардык азап-кайгысын үсте.

    131:2 Анын Теңирге кандай ант бергенин, Жакыптын Күчтүүсүнө кандай убада бергенин үсте:

    131:3 «Теңирге жай тапмайынча, Жакыптын Күчтүүсүнө турак-жай тапмайынча,

    131:4 үйүмө кирбейм, төшөгүмө жатпайм,

    131:5 көз ирмебейм, кирпик какпайм».

    131:6 Биз ал жөнүндө эфратадан уктук, биз аны Жейарим талааларынан таптык.

    131:7 Анын турак-жайына баралы, Анын бут алдына жыгылып таазим кылалы.

    131:8 Теңир, өзүңдүн бейпил жайыңа кудуретиңди көрсөткөн келишим сандыгың менен кел.

    131:9 Сенин ыйык кызмат кылуучуларың адилеттикти кийишет, Сенин ыйыктарың кубанышат.

    131:10 өз кулуң Дөөт үчүн өзүңдүн майланганыңдан жүз бурба.

    131:11 Теңир Дөөткө: «Сенин тактыңа өз тукумуңдан отургузам.

    131:12 үгерде сенин уулдарың Менин келишимимди жана аларга эйрөтө турган мыйзамдарымды сакташса, анда алардын уулдары да түбөлүккө сенин тактыңда отурушат», – деп ант берген, аны таптакыр бузбайт.

    131:13 Анткени Теңир Сионду тандап алды, аны өзүнө турак жай кылууну каалады.

    131:14 «Бул Менин бейпил жайым, ушул жерге жайгашам, анткени Мен ушул жерди кааладым.

    131:15 Анын тамагына батамды мол берем, анын жакырларын нанга тойгузам.

    131:16 Анын ыйык кызмат кылуучуларына куткарылуу кийгизем, анын ыйыктары кубанышат.

    131:17 Ал жерде Дөөттүн мүйүзүн кайрадан көтөрөм, өзүмдүн майланганыма чырактан даярдадым.

    131:18 Душмандарын уятка калтырам, ал эми анын башындагы таажысы жаркырап турат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск