Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-ЗАБУР

    Кудай тандаган падыша

    2:1 Дөөттүн забуру. элдер эмне үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатышат, уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруп жатышат?

    2:2 Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр чогулуп, Теңирге жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат.

    2:3 Алар: «Алардын чынжырларын эзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин алып ыргытабыз», – деп жатышат.

    2:4 Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир уят кылат.

    2:5 Ошондо Ал аларга ачуусу келип турганда айтат, өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт.

    2:6 «Анткени Мен өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом.

    2:7 өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: “Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум.

    2:8 Менден сура, ошондо Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем.

    2:9 Сен аларды темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың”».

    2:10 Ошондуктан, падышалар, акылыңарга келгиле. Жер жүзүнүн башкаруучулары, сабак алгыла!

    2:11 Теңирге коркунуч менен кызмат кылгыла, титирөө менен кубангыла.

    2:12 Уулун сыйлагыла, болбосо Ал каарданат, бара жаткан жолуңарда өлүп каласыңар, анткени жакында Анын каары кайнайт. Ага таянгандардын баары бактылуу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск