Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 64

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    64-ЗАБУР

    Асман менен жерден алган белектер үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүү

    64:1 Ырчылар тобунун башчысына. Ырдоо үчүн Дөөттүн забуру.

    64:2 Кудайым, Сиондогу даңк Сага таандык, Иерусалимде Сага убада беришет.

    64:3 Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт.

    64:4 Мыйзамсыз иштер мени кыйнап жатат. Кылмыштарыбызды Сен өзүң тазалайсың.

    64:5 Сен тандап алган, өзүңдүн корооңдо жашашы үчүн, өзүңө жакындаткан адам бактылуу. Биз Сенин үйүңдүн, Сенин ыйык ийбадатканаңдын баталарына тоёбуз.

    64:6 Адилет сотто коркунучтуу болгон Кудай, бизге кулак сал. Биздин Куткаруучубуз, төгөрөктүн төрт бурчунун, алыскы деңиздегилердин таянычы Сенсиң.

    64:7 өз күчү менен тоолорду тургузган, кудурет менен курчанган,

    64:8 деңиздердин шоокумун, алардын толкундарын, элдердин козголоңдорун токтоткон Сенсиң!

    64:9 Сенин жышаандарыңдан бүт жер жүзүндө жашагандар коркушат. эртең менен да, кечинде да өзүң даңкталасың.

    64:10 Жерге түшүп, анын суусунун кандырасың, аны мол түшүмгө байытасың. Сенин дарыяларың сууларга толгон, жерден дан бересиң, анткени жерди ошондой кылып жараткансың.

    64:11 Анын бороздорун кандырасың, өңгүл-дөңгүл жерлерин түздөйсүң, жамгыр суусу менен жибитесиң, өсүмдүктөрүнө батаңды бересиң.

    64:12 Жылды берекеңе бөлөйсүң, Сен баскан жерлерден май төгүлүп турат.

    64:13 Чөлдөрүңөн май төгүлөт, адырлар кубанычка бөлөнүшөт.

    64:14 Жайыттар малга, өрөөндөр данга толуп, бардыгы шаттанып ырдашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск