Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 67

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    67-ЗАБУР

    Жеңиш ыры

    67:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Ыр.

    67:2 Кудай ордунан турсун, Анын душмандары чабылып-чачылсын, Аны жек көргөндөр Анын жүзүнөн качсын!

    67:3 Аларды түтүн тарагандай тарат. Кудайсыздар Сенин жүзүңдөн отто эриген момдой эрип жок болушсун.

    67:4 Ал эми адил адамдар Кудай алдында шаттыкка бөлөнүшсүн, жеңишке жетип кубанышсын.

    67:5 Биздин Кудайга ырдагыла, Анын ысымын мактап ырдагыла, асмандан салтанат менен Келе Жатканды даңктагыла! Анын ысымы – Жахаба. Анын алдында шаттангыла!

    67:6 өзүнүн ыйык жайындагы Кудай – жетимдердин Атасы, жесирлердин коргоочусу.

    67:7 Кудай жалгыздарды эйгө киргизет, туткундарды кишенден бошотот, ал эми баш ийбегендер ысык чөлдө калат.

    67:8 Кудайым! Сен өз элиңдин алдына чыкканда, Сен чөлдө салтанат менен бара жатканда,

    67:9 жер титиреген, ал тургай, Сенин жүзүңдөн асман эриген, мына бул Синай тоосу да Ысрайыл Кудайы болгон Сенин жүзүңдөн эриген.

    67:10 Оо Кудай, Сен өз мурасыңа жамгырды мол жаадыргансың, ал жумуштан алсыраганда, өзүң күч берип тургансың.

    67:11 Сенин элиң ал жерде жашаган. Кудайым, Сен өз ырайымың менен жардыга керектүүсүн берип тургансың.

    67:12 Теңир сөз айтат, аны көп адамдар жар салат.

    67:13 Кошуундардын падышалары качып бара жатышат, ал эми эйдө отурган аял олжону бөлүп жатат.

    67:14 өз элүшүңөргө тийген жерлерге отурукташып, канаты күмүш, жүндөрү таза алтын көгүчкөнгө окшоп калдыңар.

    67:15 Кудуреттүү Кудай бул жерге падышаларды чачып жибергенде, жер Салмон тоолорундагы кардай агарды.

    67:16 Кудайдын тоосу – Башан тоосу! Бийик тоо – Башан тоосу!

    67:17 Бийик тоолор, Кудай өзү жашагысы келген, Теңир өзү түбөлүк жашай турган тоого эмне үчүн көз артып жатасыңар?

    67:18 Кудайдын арабалары миң-миңдеп саналат, сан жеткис. Теңир алардын арасында, Синайдагы ыйык жайда.

    67:19 Сен бийиктикке чыктың, туткундоону туткундадың, адамдар үчүн тартууларды алдың. Кудай-Теңирге каршы чыккандар да Ага табынышат.

    67:20 Ар күнү Теңир даңкталсын. Кудай биздин башыбызга кыйынчылык салат, бирок кайра эле өзү куткарат.

    67:21 Кудай биз үчүн – куткаруучу Кудай, өлүм күчтөрү бардыгын кармап туруучу Теңирдин бийлиги астында.

    67:22 Бирок Кудай өз душмандарынын башын талкалайт, мыйзамсыз иш кылууну адат кылып алган адамдардын чачтуу төбөсүн талкалайт.

    67:23 Теңир мындай деди: «Мен аларды Башан тоосунан кайра алып келем, деңиз түбүнөн кайра чыгарып алам.

    67:24 Сен бутуңду душмандарыңдын канына маласың, иттериң алардын канын жалашат».

    67:25 Кудайым, алар Сенин салтанат менен келе жатканыңды, алар менин Кудайымдын, Падышамдын ыйык жайга салтанат менен келе жатканын көрүшкөн.

    67:26 Алды жакта ырдагандар, арт жакта ар кандай аспап черткендер, ал эми ортодо кыздар дап кагып келе жатышты:

    67:27 «Ысрайыл уруусунан тарагандар, жыйындарда Кудай-Теңирди даңктагыла!»

    67:28 Ал жерде кенже Бенжемин – алардын төрөсү. Жүйүт төрөлөрү, Забулун төрөлөрү, Напталы төрөлөрү – алардын өкүмдарлары.

    67:29 Сенин Кудайың сага күч берди. Кудайым, Сен биз үчүн эмне кылсаң, ошону бекемде!

    67:30 Сенин Иерусалимдеги ийбадатканаң үчүн падышалар Сага тартууларды алып келишет.

    67:31 Камыштын арасында жашаган жырткычты, элдин букачарларынын арасында куйма күмүштөрү менен мактанган өгүздөрдү баш ийдир. Согушту каалаган элдерди чачыратып жибер.

    67:32 Мисирден мырзалар келишет. эфиопия колдорун Кудайга созот.

    67:33 Жердеги падышачылыктар! Кудайга ырдагыла, Теңирди даңктап ырдагыла.

    67:34 Асмандын асманында кылымдан кылымга салтанат менен жүргөн Кудайды даңктагыла! Мына, Ал өз үнүн катуу чыгарып жатат.

    67:35 Кудайды даңктагыла! Анын улуулугу Ысрайылдын үстүндө, Анын кудуреттүүлүгү булуттардын үстүндө.

    67:36 Кудайым, Сен өзүңдүн ыйык жайыңда коркунучтуусуң. Ысрайыл Кудайы өз элине күч-кубат берет. Кудайга даңк!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск