Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 68

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    68-ЗАБУР

    Кайгыга батканда, Кудайдан жардам сурап сыйынуу

    68:1 Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним күү аспабы менен. Дөөттүн забуру.

    68:2 Кудай, мени куткар, анткени суулар менин жаныма чейин жетти.

    68:3 Мен терең сазга батып калдым, бут коёрго жер жок. Суунун терең жерине кирдим, суунун шар агымы мени аласалдырып бара жатат.

    68:4 Жардам сурагандан чарчадым, тамагым да кургап калды, Кудайымды күтө берип, көзүм талыды.

    68:5 Мени себепсиз эле жек көргөндөр башымдагы чачымдан көп. Мени адилетсиз куугунтукка алган душмандарым күчөп кетти, мен алардын үч нерсесин тартып албасам да беришим керек экен.

    68:6 Оо Кудай! Сен менин акылсыздыгымды билесиң, менин күнөөм Сенден жашыруун эмес.

    68:7 Теңирим, Себайот Кудай, Сенден эмүт кылгандардын баары мен үчүн уят болушпасын. Ысрайыл Кудайы, Сени издегендер мен үчүн шылдың болушпасын.

    68:8 Анткени мен Сен үчүн жаманатты болуп жатам, бетиме көө жаап жатышат.

    68:9 өз бир туугандарыма жат киши болуп калдым, өз энемдин балдарына бөтөн болуп калдым.

    68:10 Анткени Сенин үйүңө болгон кызганыч мени жеп жатат, Сага тил тийгизгендердин суук тили мага тийип жатат.

    68:11 Мен ыйлап орозо кармадым. Ушул үчүн да мени жамандап тилдешет.

    68:12 Кийим ордуна зумбал кийсем, алар мени лакап кылып алышты.

    68:13 Дарбаза жанында отургандар мени кеп кылып жатышат, шарап ичип отургандар мени ырга кошуп ырдап жатышат.

    68:14 Бирок, Теңирим, мен Сага сыйынам. Кудайым, мени жакшы убакта өзүңдүн эбегейсиз ырайымың менен, куткаруучу чындыгың менен ук!

    68:15 Чөгүп кетпейин, мени сормо саздан сууруп чык. Жек көргөндөрдөн жана терең суулардан кутулайын.

    68:16 Мени суу ташкыны агызып кетпесин, суунун ирими мени жутуп албасын, үстүмдөгү туңгуюк өзүнүн оозун жаап салбасын.

    68:17 Мага кулак сал, Теңирим, анткени Сенин ырайымың жакшы. өзүңдүн улуу ырайымың менен мага назар сал.

    68:18 өз кулуңдан жүзүңдү жашырба, анткени мен кайгыга малындым. Мага кечиктирбей жооп бер.

    68:19 Жаныма жакын кел, жанымды куткар. Мени душмандарым үчүн куткар.

    68:20 Менин шылдың болгонумду, уят болгонумду, жаманатты болгонумду билесиң. Душмандарымдын баары Сага белгилүү.

    68:21 Шылдың сөздөрү жүрөгүмдү оорутту, алсырап калдым. Бирөө кайгыма ортоктош болор бекен деп күттүм, бирок андай болбоду; сооротуучуларды күттүм, бирок таба албадым.

    68:22 Тамакка өт кошуп беришти, суусаганымда, ачуу ичимдик ичиришти.

    68:23 Дасторкону өздөрүнө тор болсун, тынч өткөргөн тойлору өздөрүнө тузак болсун.

    68:24 Алардын көздөрү караңгылап көрбөй калсын, алардын белин түбөлүккө алсырат.

    68:25 Аларга каарыңды төк, аларды каарыңдын жалыны каптасын.

    68:26 Yйлөрү аңгырап бош калсын, чатырларында үч ким жашабасын.

    68:27 Анткени Сен жарадар кылганды алар да куугунтукка алышат. Сен жаралагандардын азаптарын арбытып жатышат.

    68:28 Алардын күнөөсүнө күнөө кош, Сен аларды актаба.

    68:29 Алар тирүүлөрдүн китебинен өчүрүлсүн, алардын аты адил адамдардын аттары менен бирге жазылбасын.

    68:30 Мен болсо жардымын, азап тартып жатам, Кудайым, Сен мага жардам берип бекемде.

    68:31 Мен өз Кудайымдын ысымын даңктап ырдайм, Аны даңазалайм.

    68:32 Бул өгүзгө караганда, мүйүздүү жана туяктуу букачарга караганда Теңирге көбүрөөк жагат.

    68:33 Муну запкы тарткандар көрүп кубанышат. Кудайды издегендердин жүрөктөрү жанданат.

    68:34 Анткени Теңир жакырларды угат, өз туткундарын жек көрбөйт.

    68:35 Аны асман менен жер, деңиз жана анда жашагандардын бардыгы даңктасын.

    68:36 Анткени Кудай Сион тоосун куткарат, Жүйүт шаарларын кайра тургузат, ошондо алар ал жерлерге отурукташышат, ал жерлерди эүлеп алышат.

    68:37 Анын кулдарынын укум-тукуму ал жерди мурастайт, Анын ысымын сүйгөндөр ал жерге отурукташышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск