Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-ЗАБУР

    Кудайдын даңкы жана адамдын баасы

    8:1 Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Дөөттүн забуру.

    8:2 Теңирибиз, Кудайыбыз! Сенин ысымың жер жүзүндө кандай улуу! Сенин даңкың асмандан да алыс кетти!

    8:3 Душманың менен кек сактоочуңдун оозун жап кылыш үчүн, өзүңдүн душмандарың үчүн, наристелердин жана эмчектеги балдардын ооздору менен өзүңө даңктоо жараттың.

    8:4 Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп:

    8:5 «Сен унутпагыдай, адам ким? өзүң келип тургудай, адам баласы ким?» – деп ойлойм.

    8:6 Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң.

    8:7 Аны өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң, бардыгын:

    8:8 койлор менен уйларды, ошондой эле талаадагы жырткычтарды,

    8:9 асмандагы куштарды, деңиздеги балыктарды жана деңиздеги бардык жандыктарды анын бут астына койдуң.

    8:10 Теңир, Кудайыбыз, Сенин ысымың бүт жер жүзүндө кандай улуу!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск