Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-ЗАБУР

    Кудайдын адилеттиги

    9:1 Ырчылар тобунун башчысына. Лабендин өлүмү боюнча. Дөөттүн забуру.

    9:2 Сени, Теңир, бүт жүрөгүм менен даңктайм, Сенин бүт кереметтериңди жарыялайм.

    9:3 Сен жөнүндө ойлоп кубанам, салтанат курам. Кудуреттүү Кудай, ысымыңды даңктап ырдайм.

    9:4 Менин душмандарым артка качканда, мүдүрүлүп жыгылып, Сенин алдыңда өлүшөт.

    9:5 Анткени Сен мага адилеттик кылдың, кыйынчылыктан чыгардың. Адилет Сот, Сен тактыга отурдуң.

    9:6 Бутпарас элдерге каардандың, кудайсыздарды өлтүрдүң, алардын атын түбөлүккө өчүрүп салдың.

    9:7 Душмандын куралы таптакыр калбай калды, алардын шаарларын талкаладың, алардын аты өздөрү менен кошо өчтү.

    9:8 Бирок Теңир өз тактысына түбөлүк отурат. Сот жүргүзүү үчүн, Ал өз тагын даярдады.

    9:9 Ал ааламды адилет соттойт, элдерди туура соттойт.

    9:10 Теңир эзилген адамга баш паана, кайгы учурунда таяныч болот.

    9:11 Сенин ысымыңды билгендер Сага таянышат, анткени Сени издегендерди талаага таштабайсың, Теңир.

    9:12 Сион тоосунда жашаган Теңирди мактап ырдагыла, Анын иштерин эл арасында жарыя кылгыла.

    9:13 Анткени Ал төгүлгөн кан үчүн жазалайт, кан төккөндөрдү жазасыз калтырбайт, эзилгендердин ыйын эсинен чыгарбайт.

    9:14 Мага ырайым кыл, Теңир. Жек көргөндөрдөн тарткан азабыма көз сал, мени өлүмдөн сактоочу бир өзүңсүң.

    9:15 Сени Сион кызынын дарбазаларынын алдында даңазалайм. Мени куткарганыңа кубанам.

    9:16 Мага көр казган эл өз көрүнө өзү түштү. өздөрү жайган торго өздөрү чалынып калышты.

    9:17 Теңир өзүнүн жүзөгө ашырган соту менен таанылды, кудайсыз адам өз колу менен кылган кылмышы үчүн кармалды.

    9:18 Кудайсыздар, Кудайды унуткан элдердин баары өлгөндөр жаткан жайга түшүшсүн.

    9:19 Анткени жакыр биротоло унутулбайт, жардынын эмүтү биротоло эзүлбөйт.

    9:20 Теңир, ордуңан тур, адамдар үстөмдүк кылышпасын, бутпарас эл Сенин алдыңда жазалансын.

    9:21 Теңир, аларга коркунуч жибер, элдер өздөрүнүн адам экенин билишсин.

    Адилеттик кылуусун сурап Кудайга сыйынуу

    9:22 Теңир, эмне үчүн алыс турасың, кайгы учурунда эмне үчүн өзүңдү жашырасың?

    9:23 Кудайсыз өзүнүн текебердиги менен жардыны куугунтуктап жатат. Алар өздөрүнүн ойлоп чыгарган айла-амалдары менен колго түшүшсүн.

    9:24 Кудайсыз өз кумары менен мактанат. Мансапкор өзүн өзү урматтайт.

    9:25 Кудайсыз өзүнүн менменсингендиги менен Теңирди тоотпой жатат. «Ал жазалабайт», – деп ойлойт. Ал дайыма: «Кудай жок!» – деп ойлойт.

    9:26 Кайсы учурда болбосун, анын жолунда өлүм турат. Ал Сенин мыйзамдарыңдан алыс. Бардык душмандарын ал текебердене карайт.

    9:27 Ал өз ичинен: «Мен үч качан мүдүрүлбөйм, үч качан башыма жамандык келбейт», – дейт.

    9:28 Анын оозу каргышка, бузукулукка, калпка толгон. Анын тилинде кыйноо жана кыйроо бар.

    9:29 Короонун сыртындагы буктурмада отурат, айыпсызды жашыруун жерлерде өлтүрөт, анын көздөрү жардылардын артынан аңдып жүрөт.

    9:30 Yңкүрдө аңдып жаткан арстандай болуп, жашыруун жерде аңдып жатат. Жардыны кармап алыш үчүн, буктурмада отурат. Жардыны торуна түшүрүп кармап алат.

    9:31 үңкейип жата калат, ошондо жардылар анын курч тырмактарына чалынат.

    9:32 өз ичинен: «Кудай эсинен чыгарды, өз жүзүн жаап алды, Ал үч качан көрбөйт», – дейт.

    9:33 Ордуңан тур, Теңирим, Кудайым, колуңду жогору көтөр, эзилгендерди унутпа.

    9:34 үмне үчүн кудайсыз адам Кудайды тоотпой, өз ичинен: «Ал жазалабайт», – дейт?

    9:35 өзүң көрүп турасың, анткени Сен өз колуң менен жазасын бериш үчүн, ыза кылгандар менен куугунтукка алгандарды карап турасың. Жарды өзүн Сага тапшырат. Жетимге өзүң гана жардам кыласың.

    9:36 Кудайсыз менен зулумдун күчүн талкала, анын мыйзамсыздыгын издеп таппай калышсын.

    9:37 Теңир – түбөлүктүү падыша. Анын жеринен бутпарастар жок болушат.

    9:38 Теңир! Момундардын тилеген тилегин угасың. Алардын жүрөгүн бекемде, аларга кулак сал.

    9:39 Жетим менен эзилгенге болуш, мындан ары жер жүзүндө адам баласы зулумдук кылбасын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск