Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 80

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    80-ЗАБУР

    Майрам күнүндөгү ыр

    80:1 Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Асаптын забуру.

    80:2 Биздин тирегибиз болгон Кудайга кубаныч менен ырдагыла. Жакыптын Кудайына кубанычтуу эн салгыла!

    80:3 Ырдагыла, дапты, мукам эндүү гуслини арфа менен кошо бергиле.

    80:4 Ай жаңырганда, белгиленген убакта, биздин майрам күнүбүздө сурнай тарткыла.

    80:5 Анткени бул – Ысрайыл үчүн мыйзам, Жакыптын Кудайынын буйругу.

    80:6 Кудай бул мыйзамды Жусуп Мисир жеринен чыкканда, ага күбө болсун деп бекитти. Жусуп ал жерде өзү билбеген тилди угуп жүргөн.

    80:7 Теңир мындай деди: «Мен андан оор жүктөрдү алып салдым, анын колдору себеттерден бошоду.

    80:8 Башыңа кыйынчылык түшкөндө, Мени чакырдың, ошондо Мен сени куткардым. Мен сага добулдун арасынан жооп бердим, сени Мериба суусунун жанында сынадым.

    80:9 үлим, ук, Мен сага күбөлөндүрөм. Ысрайыл! Оо, сен Мени уксаң кана!

    80:10 Сенде башка кудай болбосун, бөлөк элдин кудайына сыйынба.

    80:11 Мен Теңирмин, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайыңмын. Оозуңду чоң ач, Мен аны толтурам».

    80:12 Бирок өз элим Менин үнүмдү укпай койду, Ысрайыл Мага моюн сунбай койду.

    80:13 Ошондуктан Мен аларды өздөрүнүн көшөргөн жүрөгүнүн эркине койдум, өздөрү каалаган жол менен жүрө беришсин дедим.

    80:14 Оо, өз элим Мени укса кана! Ысрайыл Менин жолдорум менен жүрсө кана!

    80:15 Анда Мен алардын душмандарын тез эле моюн сундурар элем, колумду аларды куугунтукка алгандарга каршы сунар элем.

    80:16 Теңирди жек көргөндөр аларга кошомат кылып турар эле, ал эми алардын жыргал турмушу дайыма улана бермек.

    80:17 Мен аларды буудайдын эң жакшысы менен азыктантар элем, тоо балына тойгузар элем.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск