Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 79

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    79-ЗАБУР

    Ысрайылды калыбына келтирүүсүн сурап Кудайга сыйынуу

    79:1 Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним-үдут күү аспабы менен. Асаптын забуру.

    79:2 Ысрайылдын Кайтаруучусу, кулак сал! Жусупту койдой кайтарып жүргөн, керуптардын үстүндө отурган өзүңдү көрсөт.

    79:3 үпрайымдын, Бенжеминдин жана Менашенин алдында өз күчүңдү көрсөт, бизди куткарууга кел.

    79:4 Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

    79:5 Теңир, Себайот Кудай! Качанга чейин өз элиңдин сыйынууларына каардана бересиң?

    79:6 Сен аларды нандын ордуна көз жашка тойгуздуң, аларды көп өлчөмдөгү көз жашка тойгуздуң.

    79:7 Сен бизди коңшуларыбызга сөз кылып койдуң, бизди душмандарыбыз кордоп жатышат.

    79:8 Себайот Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

    79:9 Мисирден жүзүм сабагын көчүрүп келдиң, элдерди кууп чыгып, аны отургуздуң.

    79:10 Жүзүм үчүн орун тазалап, анын тамырларын бек орноттуң, ал бүт жерге жайылды.

    79:11 Тоолор анын көлөкөсүндө калды, анын бутактары Кудайдын кедр жыгачындай жайылды.

    79:12 Жүзүм өзүнүн бутактарын деңизге чейин жайды, жаш бутактары дарыяга жетти.

    79:13 үмне үчүн Сен анын дубалдарын ураттың? Жолдо өтүп бара жаткандардын баары жүзүмдөн эзүп жатышат.

    79:14 Токойдогу камандар түбүн казып, талаадагы жырткычтар талап жеп жатышат.

    79:15 Себайот Кудай! Бизге кайрылып кел, бизди асмандан кара, бизди көр, бул жүзүмзарга кел.

    79:16 өзүңдүн оң колуң отургузганды, өзүң үчүн өстүргөн жаш бутактарды сакта.

    79:17 Ал өрттөнүп, кыйылып бүткөн. Алар өзүңдүн каарыңдан өлүп жатышат.

    79:18 Сенин колуң өзүң үчүн бекемдеген адам баласынын үстүндө, өзүңдүн оң колуң тарапта отурган адамдын үстүндө, болсун.

    79:19 Ошондо биз Сенден баш тартпайбыз. Бизди тирилт, ошондо биз Сенин ысымыңды чакырабыз.

    79:20 Теңир, Себайот Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск