Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 98

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    98-ЗАБУР

    Ыйык Кудайды даңктоо

    98:1 Теңир падышачылык кылып жатат: бүт элдер титиреп турушсун! Ал керуптардын үстүндө отурат: жер титиресин!

    98:2 Теңир Сион тоосунда улуу! Ал бардык элдерден жогору турат.

    98:3 Сенин улуу жана коркунучтуу ысымыңды даңкташсын. Ал ыйык!

    98:4 Сен акыйкаттыкты сүйгөн күчтүү Падышасың. Сен адилеттикти орноттуң. Жакыпка адилеттигиң менен калыстыгыңды көрсөттүң.

    98:5 Кудай-Теңирибизди даңазалагыла, Анын бут алдына келип таазим кылгыла. Ал ыйык!

    98:6 Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен Муса менен Арун, Анын атын чакыргандардын ичинен Шемуел Теңирди чакырышкан, Теңир аларды уккан.

    98:7 Теңир аларга булут түрмөгү ичинен сүйлөгөн. Алар Теңир берген осуяттар менен мыйзамды сакташкан.

    98:8 Теңир, биздин Кудайыбыз! Сен аларга кулак салдың. Сен алар үчүн кечире турган жана иштерине жараша жазалай турган Кудай болчусуң.

    98:9 Теңирди, биздин Кудайды, даңазалагыла, Ага Анын ыйык тоосунда табынгыла, анткени Теңир, биздин Кудайыбыз, ыйык.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск