Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Дөөт пелиштиликтердин арасында

    27:1 Дөөт ичинен минтип ойлоду: «Акыры бир күнү мен Шабулдун колуна түшөм, андыктан мен үчүн пелиштиликтердин жерине качып баргандан артык үч нерсе жок. Ошондо Шабул мени аңдыганын коёт, Ысрайыл жеринен мындан ары издебей калат, анын колунан мен ошентип качып кутулам».

    27:2 Дөөт ордунан туруп, жанындагы алты жүз кишиси менен Гат падышасы Маох уулу Акишке келди.

    27:3 Ошентип, Дөөт өз кишилери менен, алардын ар бири өз эй-бүлөсү менен, өзүнүн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун кармелдик Hабалдын аялы болгон Абигейил менен Гаттагы Акиштикинде жашап калды.

    27:4 Дөөттүн Гатка качып кеткенин Шабулга билдиришти, ошондон кийин ал аны издебей калды.

    27:5 Дөөт Акишке мындай деди: «үгер мен сенин алдыңда ырайым тапсам, анда кичинекей шаарлардын биринен мага орун берилсин, мен ошол жерде жашайын. Сенин кулуңа сени менен бирге падышанын шаарында жашоонун кандай кажети бар?»

    27:6 Ошондо Акиш ага Сыклакты берди. Ошондон ушул кезге чейин Сыклак Жүйүттүн падышаларына тиешелүү.

    27:7 Дөөт Пелишти өлкөсүндө бир жыл, төрт ай жашады.

    27:8 Дөөт өз кишилери менен чыгып, гешурлуктарды, гезриликтерди, амалыктыктарды талкалап турду, алар бул өлкөдө Шурга чейин, ал тургай, Мисир жерине чейин эчактан бери жашап келишкен.

    27:9 Дөөт ал өлкөнү талкалады, аял-үркегин тирүү калтырбай, койлорун, өгүздөрүн, эшектерин, төөлөрүн, кийимдерин талап-тоноп, Акишке кайтып келип турду.

    27:10 Акиш Дөөттөн: «Бүгүн кимдерге кол салдыңар?» – деп сурады. Дөөт ага: «Жүйүт аймагынын түштүк жагына, Жерахмейелдин түштүк жагына, Кейнинин түштүк жагына», – деп жооп берди.

    27:11 Дөөт эркегин да, аялын да тирүү калтырган жок, ал: «Алар биз жөнүндө: “Дөөт ушундай кылган, анын Пелишти өлкөсүндө өткөргөн мезгилинде кылган иштери ушундай болгон”, – деп айтышпасын», – деп, аларды Гатка алып келген жок.

    27:12 Акиш Дөөткө ишенип: «Ал өз эли Ысрайылга жек көрүндү болуп калды, эми ал менин түбөлүк кулум болот», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск