Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Ахаз – Жүйүт падышасы

    16:1 Ремалия уулу Пекахтын падышачылыгынын он жетинчи жылында Жүйүт падышасы Жотамдын уулу Ахаз такка отурду.

    16:2 Ахаз такка отурганда, жыйырма жашта эле. Ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Атасы Дөөт Теңирге жаккан иштерди жасаган, Ахаз болсо анткен жок.

    16:3 Тескерисинче, ал Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп, Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан, жийиркеничтүү иштерди кылган элдерди туурап, атүгүл, өз уулун отко өрттөдү.

    16:4 Ал бутканаларда, дөбөлөрдө, көлөкөлүү дарактардын түбүндө курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

    16:5 Ошол учурда Сирия падышасы Ретсин жана Ысрайыл падышасы Ремалия уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн согуш ачышты. Ахазды курчоодо кармап турушту, бирок жеңе алышкан жок.

    16:6 Ошол убакта Сирия падышасы Ретсин Сирияга эйлатты кайрып берип, жүйүттөрдү эйлаттан кууп чыгарды. эдомдуктар эйлатка келишти. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде жашашат.

    16:7 Ахаз Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге элчилерин жөнөтүп, мындай деп айттырды: «Мен сенин кулуңмун жана уулуңмун. Келип, мага каршы көтөрүлгөн Сирия падышасы менен Ысрайыл падышасынан мени куткар».

    16:8 Ахаз Теңир үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы алтын-күмүштөрдү алып, Ашур падышасына тартуу катарында жөнөттү.

    16:9 Ашур падышасы анын тилин алып, Дамаскка барып, аны басып алып, анын тургундарын Кирге көчүрүп жиберди, Ретсинди болсо өлтүрүп салды.

    16:10 Ахаз падыша Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге жолугуш үчүн Дамаскка барып, ал жерден курмандык чалынуучу жайды көрдү. Анан Ахаз падыша курмандык чалынуучу жайдын түзүлүшүнүн толук чиймесин ыйык кызмат кылуучу Урийге жөнөттү.

    16:11 Ыйык кызмат кылуучу Урий Дамасктан Ахаз падыша жиберген элгү боюнча курмандык чалынуучу жай курду. Ахаз падыша Дамасктан келгенче, ыйык кызмат кылуучу Урий ушундай кылды.

    16:12 Падыша Дамасктан келип, курмандык чалынуучу жайды көрүп, анын үстүнө курмандык чалды.

    16:13 Ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын жана нан курмандыгын өрттөп, үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, өзүнүн тынчтык курмандыгынын канын курмандык чалынуучу жайга чачты.

    16:14 Ал эми Теңирдин алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды ийбадаткананын алдынан, жаңы курмандык чалынуучу жай менен Теңир үйүнүн ортосундагы ордунан жылдырып, жаңы курмандык чалынуучу жайдын түндүк жагына койду.

    16:15 Ахаз падыша ыйык кызмат кылуучу Урийге мындай буйрук берди: «Чоң курмандык чалынуучу жайдын үстүнө эртең мененки бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана кечки нан курмандыгын, падышанын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен нан курмандыгын, өлкөдөгү бардык адамдардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктары менен нан курмандыктарын өрттө, алардын үстүнө куюлуучу курмандыктарды куй, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктардын канын чач. эмне кылуу керек экенин чечкенге чейин, жез курмандык чалынуучу жайды мага калтыр».

    16:16 Ыйык кызмат кылуучу Урий Ахаз падыша буйругандай кылды.

    16:17 Ахаз падыша дөңгөлөктүү койгучтардын алкактарын сындырып, алардын үстүндөгү чараларды алып салды. Анан жез өгүздөрдүн үстүндө турган чараны да алып, аны төшөлгөн таштын үстүнө койду.

    16:18 Анан ал Ашур падышасы үчүн ийбадатканага ишемби күнү кире турган эшикти жана падышанын Теңир үйүнө кире турган сырткы эшигин жаап салды.

    16:19 Ахаз жөнүндө жана анын кылган иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    16:20 Ахаз ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү ата-бабаларынын жанына, Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Хиския такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск