Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Ошуя – Ысрайыл падышасы

    17:1 Жүйүт падышасы Ахаздын падышачылыгынын он экинчи жылында эйла уулу Ошуя Ысрайылга падыша болуп, Самарияда тогуз жыл падышачылык кылды.

    17:2 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, бирок өзүнөн мурдагы Ысрайыл падышалары кылганчалык кылган жок.

    17:3 Ага Ашур падышасы Шалманесер кол салды, Ошуя ага кул болуп, салык төлөп турду.

    17:4 Ашур падышасы Ошуянын чыккынчылык уюштурганын билди, себеби Ошуя Мисир падышасы Собуга элчилерди жөнөтүп, Ашур падышасына жыл сайын берип туруучу салыкты бербей калган эле. Ошондуктан Ашур падышасы аны зынданга камап салды.

    Самариянын курчоого алынышы

    17:5 Ашур падышасы бүт Ысрайылга согуш ачып, Самарияга келип, аны үч жыл бою курчоого алды.

    17:6 Ошуянын падышачылыгынын тогузунчу жылында Ашур падышасы Самарияны басып алып, ысрайылдыктарды Ашурга көчүрүп кетти. Аларды Халахка, Хаборго, Гозан дарыясынын боюна жана Мадайдын шаарларына отурукташтырды.

    17:7 Ысрайыл уулдары Мисир жеринен алып чыккан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарган өзүнүн Кудай-Теңиринин алдында күнөө кылып, башка кудайларга табына башташты.

    17:8 Алар Теңир кууп чыккан элдердин мыйзамдары боюнча, Ысрайыл падышаларынын мыйзамдары боюнча жашай башташты.

    17:9 Ысрайыл уулдары өздөрүнүн Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылып, күзөт мунарасынан баштап чептүү шаарга чейин, өздөрүнө караштуу бардык шаарларга бутканаларды кура башташты.

    17:10 Алар бардык бийик дөбөлөргө жана көлөкөлүү дарактардын түбүнө Ашейра мамысын жана буркандарын коюшту.

    17:11 Теңир кууп чыккан элдерге окшоп, бардык бийик дөбөлөрдө жыпар жыттуу заттарды түтөтүп, Теңирди каарданткан жийиркеничтүү иштерди кылышты.

    17:12 Алар жасалма кудайларга кызмат кылышты, бирок Теңир аларга: «Мындай кылбагыла», – деп айткан.

    17:13 Ошондо Теңир өзүнүн бардык пайгамбарлары жана көрөгөчтөрү аркылуу Ысрайыл менен Жүйүткө: «Жаман жолуңардан кайткыла, силердин ата-бабаларыңарга осуят кылган, өзүмдүн кулдарым – пайгамбарларым аркылуу берген Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаргыла», – деп эскерткен.

    17:14 Бирок алар кулак салбай коюшту, өздөрүнүн Кудай-Теңирине ишенбеген тоң моюн ата-бабаларына окшоп, тоң моюндук кылышты.

    17:15 Алар Теңирдин мыйзамдарын, алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимин, эскертүүлөрүн жек көрүп, Теңирдин «Алар кылгандай кылбагыла» деген буйругунан четтеп, тегерегинде жашаган элдерге окшоп, үч нерсеге арзыбаган кудайларды эүрчишип, өздөрү да үч нерсеге арзыбай калышты.

    17:16 Алар өздөрүнүн Кудай-Теңиринин бардык мыйзамдарын таштап, эки музоо куюп, Ашейра мамысын тургузуп, бүткүл асман кошуундарына табынып, Баалга кызмат кылышты.

    17:17 Уулдары менен кыздарын отко өрттөп, төлгө тартып, сыйкырчылык кылып, Теңирге жакпаган, Аны каарданткан иштерди кылууга дитин беришти.

    17:18 Ошондо Теңир ысрайылдыктарга абдан каарданып, аларды четке какты. Жүйүт уруусунан башка үч бир уруу калган жок.

    17:19 Жүйүт да өз Кудай-Теңиринин осуяттарын аткарбай, ысрайылдыктардын кылганын кылды.

    17:20 Теңир Ысрайылдын бардык тукумунан жүзүн буруп, аларды моюн сундурду, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берип турду, акыры аларды четке какты.

    17:21 Ысрайылдыктар Дөөттүн тукумунан бөлүнүп чыгып, Небат уулу Жаробамды такка отургузушту. Жаробам ысрайылдыктарды Теңирден четтетип, аларды чоң күнөөгө батырды.

    17:22 Ысрайыл уулдары Жаробам кылган күнөөлөрдүн бардыгын кылышты, ошол күнөөлөрдү кылганын токтотушкан жок.

    17:23 Теңир өзүнүн бардык кулдары – пайгамбарлары аркылуу эскерткендей, Ысрайылды таштап салганга чейин, алар ушундай кылышты. Ошентип, Ысрайыл өз жеринен Ашурга көчүрүлүп, ушул күнгө чейин ошол жерде жашайт.

    Ысрайыл шаарларына башка элдердин көчүрүлүп келиши

    17:24 Ашур падышасы Бабылдан, Кутадан, Абахтан, Хаматтан, Сепарбайымдан элдерди көчүрүп келип, аларды Самария шаарларына, Ысрайыл уулдарынын ордуна отурукташтырды. Алар Самарияны эүлеп, анын шаарларында жашап калышты.

    17:25 Алар ал жерде жашай башташканда, Теңирден коркушкан жок, ошондуктан Теңир аларга арстандарды жиберип турду. Алар арстандарга жем болуп жатышты.

    17:26 Анан Ашур падышасына мындай деп билдиришти: «Сен көчүрүп келип, Самария шаарларына отурукташтырган элдер ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпегендиктен, Кудай аларга арстандарды жиберип жатат. Алар арстандарга жем болуп жатышат, анткени ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпейт».

    17:27 Ошондо Ашур падышасы мындай буйрук берди: «Силер ошол жактан көчүрүп келген ыйык кызмат кылуучулардан бирөөнү ал жакка жөнөткүлө. Ал барып, ошол жерде жашап, аларга ошол жердин Кудайынын мыйзамын эйрөтсүн».

    17:28 Самариядан көчүрүлүп кеткен ыйык кызмат кылуучулардын бири келип, Бейтелде жашап, аларга Кудайдан коркууну эйрөттү.

    17:29 Ар бир эл өзүнүн кудайларын жасап, самариялыктар курган бийик жерлердеги бутканаларга койду. Ар бир эл өзү жашаган шаарга койду.

    17:30 Бабылдыктар Сукот-Бенотту, куталыктар Нейиргалды, хаматтыктар Ашиманы,

    17:31 абахтыктар Нибхаз менен Тартакты жасашты, сепарбайымдыктар болсо өздөрүнүн кудайлары Анамелек менен Адрамелекке арнап уулдарын отко өрттөштү.

    17:32 Ошол эле учурда алар Теңирден да коркуп, өздөрүнүн арасынан буткана кызматчыларын шайлашты. Алар бутканаларда кызмат кылышты.

    17:33 Алар Теңирден да коркушту, ошондой эле өздөрү көчүп келген өлкөнүн салттары боюнча өздөрүнүн кудайларына да кызмат кылышты.

    17:34 Алар ушул күнгө чейин өздөрүнүн мурунку салттары боюнча жашашат. Теңирден коркушпайт, Теңирдин Ысрайыл деген ысым берген Жакып уулдарына берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткарышпайт.

    17:35 Теңир алар менен келишим түзүп, мындай деп осуят кылган: «Башка кудайларга табынбагыла, таазим этпегиле, кызмат кылбагыла, курмандык чалбагыла.

    17:36 Силерди сунулган колу, күчтүү билеги менен Мисир жеринен алып чыккан Теңирге табынгыла, таазим кылгыла, курмандык чалгыла.

    17:37 Анын силерге жазып берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн өмүрүңөр өткөнчө аткарууга аракет кылгыла, башка кудайларга табынбагыла.

    17:38 Менин силер менен түзгөн келишимимди унутпагыла, башка кудайлардан коркпогула.

    17:39 өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерден гана корккула, ошондо Ал силерди бардык душмандарыңардан куткарат».

    17:40 Бирок алар тил алышкан жок, тескерисинче, мурунку каада-салттары боюнча жашашты.

    17:41 Бул элдер Теңирден коркушту, бирок буркандарына да кызмат кылышты. Алардын балдары, балдарынын балдары да ата-бабаларына окшоп, ушул күнгө чейин ушундай кылып келе жатышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск