Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Азария – Жүйүт падышасы

    15:1 Ысрайыл падышасы Жаробамдын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында Жүйүт падышасы Аматсия уулу Азария такка отурду.

    15:2 Ал такка отурганда, он алты жашта эле. Ал Иерусалимде элүү эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жехолия, ал иерусалимдик болчу.

    15:3 Ал атасы Аматсияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

    15:4 Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

    15:5 Теңир падышаны жазалады. Ал өлөр күнүнө чейин пес оорусу менен ооруп, өзүнчө эйдө жашады. Падыша уулу Жотам болсо падыша сарайын жана элди башкарды.

    15:6 Азария жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    15:7 Азария ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту. Анын ордуна уулу Жотам такка отурду.

    Захария – Ысрайыл падышасы

    15:8 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз сегизинчи жылында Ысрайылга Жаробам уулу Захария падыша болуп, Самарияда алты ай падышачылык кылды.

    15:9 Ал аталарына окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

    15:10 Ага Жабес уулу Шалум чыккынчылык кылып, аны эл алдында өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

    15:11 Захария жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    15:12 Теңирдин Жейуга «Сенин уулдарың төртүнчү муунга чейин Ысрайылдын тагында отурушат» деп айткан сөзү аткарылды.

    Шалум – Ысрайыл падышасы

    15:13 Жабестин уулу Шалум Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында такка отуруп, Самарияда бир ай падышачылык кылды.

    15:14 Тирсалык Гадинин уулу Менахейим Самарияга келип, Жабес уулу Шалумду өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

    15:15 Шалум жөнүндө жана анын уюштурган чыккынчылыгы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    Менахейим – Ысрайыл падышасы

    15:16 Шаар дарбазасын ачпагандыгы үчүн, Менахейим Типсакты жана анда жашагандардын баарын, анын тегерек-четин Тирсадан баштап кыйратты. Ал жердеги бардык кош бойлуу аялдардын курсагын жарды.

    15:17 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында Ысрайылга Гади уулу Менахейим падыша болду. Ал Самарияда он жыл падышачылык кылды.

    15:18 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. өмүрү өткөнчө Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

    15:19 Ошол учурда Ашур падышасы Пул Ысрайыл жерине келди. Менахейим Пулду өзүнө тарапташ кылуу үчүн жана өзүнүн падышачылык бийлигин бекемдөө үчүн, Пулга миң талант күмүш берди.

    15:20 Менахейим ал күмүштөрдү Ашур падышасына берүү үчүн, ысрайылдыктардын бардык бай адамдарынан, алардын ар биринен элүү шекелден чогултуп алды. Ошентип, Ашур падышасы артка кетти, ал жерде калган жок.

    15:21 Менахейим жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    15:22 Менахейим ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Пекахия такка отурду.

    Пекахия – Ысрайыл падышасы

    15:23 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын элүэнчү жылында Менахейимдин уулу Пекахия Ысрайылга падыша болуп, Самарияда эки жыл падышачылык кылды.

    15:24 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

    15:25 Төрөсү Ремалия уулу Пеках ага чыккынчылык уюштуруп, Аргоп жана Арийей менен, гилаттык элүү киши менен аны падыша сарайында, Самарияда өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

    15:26 Пекахия жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    Пеках – Ысрайыл падышасы

    15:27 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын элүү экинчи жылында Ремалия уулу Пеках Ысрайылга падыша болуп, Самарияда жыйырма жыл падышачылык кылды.

    15:28 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

    15:29 Ысрайыл падышасы Пекахтын убагында Ашур падышасы Тиглат-Пилесер келип, Ийонду, Абел-Бейт-Маакты, Жаноахты, Кедешти, Хатсорду, Гилатты жана Галилеяны, Напталынын бүт жерин басып алып, аларды Ашурга көчүрүп кетти.

    15:30 Ошондо эйла уулу Ошуя Ремалия уулу Пекахка чыккынчылык уюштуруп, аны өлтүрүп, Узия уулу Жотамдын падышачылыгынын жыйырманчы жылында анын ордуна такка отурду.

    15:31 Пеках жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    Жотам – Жүйүт падышасы

    15:32 Ысрайыл падышасы Ремалия уулу Пекахтын падышачылыгынын экинчи жылында Жүйүт падышасы Узиянын уулу Жотам такка отурду.

    15:33 Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жеруша, ал Садоктун кызы болчу.

    15:34 Ал атасы Узияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

    15:35 Бийик жерлердеги бутканалар жок кылынган жок. эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты. Жотам Теңир үйүнүн жогорку дарбазасын тургузду.

    15:36 Жотам жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    15:37 Ошол күндөрү Теңир Сирия падышасы Ретсинди жана Ремалия уулу Пекахты Жүйүткө каршы жиберип турду.

    15:38 Жотам ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү ата-бабаларынын жанына, атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Ахаз такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск