Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Аматсия – Жүйүт падышасы

    14:1 Ысрайыл падышасы Жаахаз уулу Жааштын падышачылыгынын экинчи жылында Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсия такка отурду.

    14:2 Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жейодан, ал иерусалимдик болчу.

    14:3 Ал Теңирге жаккан иштерди кылды, бирок атасы Дөөтчөлүк кылган жок. Ал атасы Жааш кылган иштерди кылды.

    14:4 Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

    14:5 Падышачылык бийлиги бекемделгенде, ал падышаны – өзүнүн атасын өлтүргөн кызматчыларды өлтүрдү.

    14:6 Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, себеби Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебинде: «Балдары үчүн аталары өлүм жазасына тартылбасын, аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Ар ким өз күнөөсү үчүн өлүм жазасына тартылсын», – деп жазылган.

    14:7 Ал Туздуу өрөөнүндө он миң эдомдукту талкалады, согуш учурунда Селаны басып алып, аны Жоктейел деп атады, ал ушул күнгө чейин ушундай аталат.

    14:8 Ошондо Аматсия Жейунун уулу, Жаахаздын уулу, Ысрайыл падышасы Жаашка элчилерди жиберип: «Кел, жекеме-жеке беттешебиз», – деп айттырды.

    14:9 Ысрайыл падышасы Жааш Жүйүт падышасы Аматсияга мындай деп айттырып жиберди: «Лебанондо өскөн тикенек ошол эле Лебанондо өскөн кедр дарагына: “Менин уулума кызыңды бер”, – деп айттырды. Бирок Лебанондон жапайы жырткыч келип, тикенекти тепсеп салды.

    14:10 Сен эдомдуктарды жеңгениңе текеберденип жатасың. Текебердене бер, бирок үйүңдө отур. өз башыңа мүшкүл түшүрүп эмне кыласың? Сен да, сени менен кошо Жүйүт да өлөт».

    14:11 Бирок Аматсия кулак салбады. Ысрайыл падышасы Жааш аттанып, Жүйүт падышасы Аматсия менен Жүйүттөгү Бейт-Шемеште жекеме-жеке беттешти.

    14:12 Ошондо ысрайылдыктар жүйүттөрдү талкалашты, жүйүттөр чатырларына качып кетишти.

    14:13 Ысрайыл падышасы Жааш Бейт-Шемеште Жааштын уулу, Ахазайдын уулу, Жүйүт падышасы Аматсияны колго түшүрүп, ал жерден Иерусалимге келип, Иерусалим дубалын – эпрайым дарбазасынан Бурч дарбазасына чейин, төрт жүз чыканак дубалды уратты.

    14:14 Анан ал Теңирдин үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы бардык алтын-күмүштөрдү, идиштерди, ошондой эле туткундаган адамдарын алып, Самарияга кайтып келди.

    14:15 Жааш жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери, Жүйүт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    14:16 Жааш ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Самарияга, Ысрайыл падышаларынын жанына коюлду. Анын ордуна уулу Жаробам такка отурду.

    Аматсиянын өлүшү

    14:17 Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсия Ысрайыл падышасы Жаахаз уулу Жааш өлгөндөн кийин, дагы он беш жыл жашады.

    14:18 Аматсиянын кылган иштери Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    14:19 Иерусалимде ага каршы чыккынчылык уюштурулду, ошондо ал Лакишке качып кетти. Артынан Лакишке киши жиберип, аны ошол жерде өлтүрүштү.

    14:20 Аны аттар менен Дөөттүн шаары Иерусалимге алып келип, ата-бабаларынын жанына коюшту.

    14:21 Жүйүт эли он алты жаштагы Азарияны атасы Аматсиянын ордуна такка отургузду.

    14:22 Падыша ата-бабаларына кошулгандан кийин, Азария эйлатты кайра куруп, Жүйүткө кайрып берди.

    Жаробам – Ысрайыл падышасы

    14:23 Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсиянын падышачылыгынын он бешинчи жылында Ысрайыл падышасы Жааш уулу Жаробам падыша болуп, Самарияда кырк бир жыл падышачылык кылды.

    14:24 Ал Теңирге жакпаган иштерди жасады. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

    14:25 Ал Ысрайылдын Кудай-Теңиринин гат-акейперлик пайгамбар Амитай уулу Жунус аркылуу айткан сөзү боюнча Ысрайылдын чек араларын, Хаматтын кире беришинен баштап чөлдөгү деңизге чейин калыбына келтирди.

    14:26 Теңир Ысрайылдын башына түшкөн оор мүшкүлдү көрдү, алардын камакта отурган да, эркиндикте жүргөн да кишиси калган эмес эле, Ысрайылга жардам берер үч ким жок эле.

    14:27 Теңир асман астынан ысрайылдыктардын атын өчүрүүнү каалабай, Жааш уулу Жаробам аркылуу аларды куткарды.

    14:28 Жаробам жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө, кантип согушуп, Жүйүткө караштуу Дамаск менен Хаматты Ысрайылга кантип кайрып бергени жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    14:29 Жаробам ата-бабаларына, Ысрайыл падышаларына кошулду. Анын ордуна уулу Захария такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск