Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Жаахаз – Ысрайыл падышасы

    13:1 Жүйүт падышасы Ахазай уулу Жааштын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылында Ысрайылга Жейу уулу Жаахаз падыша болду. Ал Самарияда он жети жыл падышачылык кылды.

    13:2 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробам кылган күнөөлөрдү кылды, ошол күнөөлөрдү кылганын токтоткон жок.

    13:3 Теңир Ысрайылга каарданып, аны узак убакытка Сирия падышасы Хазаелдин жана Хазаел уулу Бенадаттын колуна салып берди.

    13:4 Ошондо Жаахаз Теңирге сыйынды, Теңир аны укту, себеби ысрайылдыктардын эзилгенин, Сирия падышасынын аларды кандай эзгенин көрдү.

    13:5 Теңир ысрайылдыктарга куткаруучуну берди. Ошондо алар сириялыктардын бийлиги астынан чыгышты. Ысрайыл уулдары өз чатырларында мурункудай жашап калышты.

    13:6 Бирок алар Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын тукумунун күнөөлөрүн кылганды токтотушкан жок, ошол күнөөлөрдү кылышты, Самарияда Ашейра мамысы тура берди.

    13:7 Жаахаздын аскеринен элүү атчан жоокер, он майдан араба жана он миң жөө аскери гана калды. Анткени Сирия падышасы аларды кырып, таш-талканын чыгарды.

    13:8 Жаахаз жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    13:9 Жаахаз ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Жааш такка отурду.

    Жааш – Ысрайыл падышасы

    13:10 Жүйүт падышасы Жааштын падышачылыгынын отуз жетинчи жылында Ысрайылга Жаахаздын уулу Жааш падыша болду. Ал Самарияда он алты жыл падышачылык кылды.

    13:11 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок, ошол күнөөлөрдү кылды.

    13:12 Жааш жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери, Жүйүт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    13:13 Жааш ата-бабаларына кошулду, Жаробам анын тагына отурду. Жааш Самарияга, падышалардын жанына коюлду.

    үлишанын көз жумушу

    13:14 үлиша катуу ооруп, кийинчерүүк ошол оорудан каза болду. Ысрайыл падышасы Жааш анын алдына келип: «Ата! Ата! Ысрайылдын майдан арабасы жана атчан жоокери!» – деп ыйлады.

    13:15 үлиша ага: «Жаа менен жебелерди ал», – деди. Ал жаа менен жебелерди алды.

    13:16 Анан ал Ысрайыл падышасына: «Колуңду жаанын үстүнө кой», – деди. Ал колун койду. элиша колун падышанын колуна коюп:

    13:17 «Чыгыш жакты караган терезени ач», – деди. Ал терезени ачты. элиша ага: «Ат!» – деди. Ал атты. Анан элиша мындай деди: «Бул жебе – Теңирдин куткаруучу жебеси, сириялыктардан куткаруучу жебе, сен Апейикте сириялыктарды толугу менен талкалайсың».

    13:18 Анан элиша: «Жебелерди ал», – деди. Ал алды. Анан ал Ысрайыл падышасына: «Аны жерге ур», – деди. Ал жерге үч жолу урду, анан токтоп калды.

    13:19 Ошондо Кудайдын кишиси ага ачууланып: «Беш же алты жолу уруш керек эле. Ошондо сен сириялыктарды таптакыр талкалайт элең, эми сириялыктарды үч гана жолу талкалайсың», – деди.

    13:20 үлиша көз жумуп, аны көргө коюшту. Кийинки жылы мааптыктардын сансыз аскери алардын жерине келди.

    13:21 Бир жолу бир кишини коюп жаткан учурда, бул сансыз аскерди көрүп, анын сөөгүн элишанын мүрзөсүнө таштап жиберишкен. Ал кулап бара жатканда, элишанын сөөгүнө тийип кетип, тирилип, туруп кеткен.

    Ысрайыл менен Сириянын ортосундагы согуш

    13:22 Сирия падышасы Хазаел Жаахаздын көзү өткөнчө, ысрайылдыктарды кысымга алып турду.

    13:23 Бирок Теңир аларга боор ооруп, ырайым кылып, Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишими үчүн аларга жүзүн бурду, аларды кыргысы келген жок, аларды ушул күнгө чейин четке каккан жок.

    13:24 Сирия падышасы Хазаел көз жумуп, анын ордуна уулу Бенадат такка отурду.

    13:25 Согуш убагында Хазаел Жааштын атасы Жаахаздан шаарларды тартып алган. Бирок Жааш Хазаелдин уулу Бенадаттан ал шаарларды кайра тартып алды. Жааш аны үч ирет талкалап, Ысрайылдын шаарларын кайра тартып алды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск