Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Жааш – Жүйүт падышасы

    12:1 Жейунун падышачылыгынын жетинчи жылында Жааш такка отуруп, Иерусалимде кырк жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Сибия, ал бейер-шебалык болчу.

    12:2 Жааш ыйык кызмат кылуучу Жойаттын көзү өткөнчө, анын кеңешин угуп жүргөн күндөрү Теңирге жаккан иштерди кылды.

    12:3 Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

    12:4 Жааш ыйык кызмат кылуучуларга мындай деди: «үлдин Теңир үйүнө алып келген бардык күмүштөрүн: Теңир үйүнө келгендер алып келген күмүштү, ар бир адамдын өз жаны үчүн берген күмүшүн, элдин Теңир үйүнө өз каалоосу менен алып келген күмүштөрүн

    12:5 ыйык кызмат кылуучулар алышсын, ар бири өз таанышынан алып, ийбадаткананын бардык бузулган жерлерин оңдошсун».

    12:6 Бирок Жааш падышанын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылына чейин ыйык кызмат кылуучулар ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдошпогондуктан,

    12:7 Жааш ыйык кызмат кылуучу Жойатты жана башка ыйык кызмат кылуучуларды чакырып: «үмне үчүн силер ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдобой жатасыңар? Мындан ары тааныштарыңардан күмүш албагыла, аны ийбадаткананы оңдогонго бергиле», – деди.

    12:8 Ыйык кызмат кылуучулар ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдогонго элден күмүш албоого макул болушту.

    12:9 Анан ыйык кызмат кылуучу Жойат бир экөк алып, анын үстүнө тешик жасап, аны курмандык чалынуучу жайдын оң жагына, Теңир үйүнүн кире беришине койду. элдин Теңир үйүнө алып келген бардык күмүштөрүн кире бериште турган сакчы ыйык кызмат кылуучулар ошого салып жатышты.

    12:10 Алар экөккө көп күмүш чогулганын көрүшкөндө, башкы ыйык кызмат кылуучу менен падышанын катчысы келип, Теңир үйүндөгү күмүштү эсептеп, баштыктарга салып бууп коюшчу.

    12:11 Күмүштөрдү эсептеп туруп, Теңир үйүн-дө иш алып барууга дайындалгандарга беришчү, алар болсо аны Теңир үйүндө иштеген усталарга, куруучуларга,

    12:12 таш тизүүчүлөргө, таш сомдоочуларга беришчү, Теңир үйүнүн бузулган жерлерин оңдоого керектелүүчү жыгачтарды, жылмаланган таштарды сатып алууга жана башка бардык керектүү нерселерге сарп кылышчу.

    12:13 Бирок ал күмүштөн Теңир үйү үчүн күмүш табактарды, кычкачтарды, чараларды, сурнайларды, алтын-күмүш идиштерди жасоого сарпталган жок.

    12:14 Ал күмүштөрдү иш башкаруучуларга берип турушту, алар аны Теңир үйүн оңдоого сарп кылышты.

    12:15 Жумушчулар үчүн берилген күмүштү таратып берүүчү адамдардан күмүштүн эсеби талап кылынчу эмес, анткени алар чынчылдык менен таратышчу.

    12:16 Кылмыш үчүн, күнөө үчүн түшкөн күмүштөр Теңир үйүнө киргизилчү эмес. Алар ыйык кызмат кылуучуларга таандык болуп калчу.

    12:17 Ошол убакта Сирия падышасы Хазаел согушка аттанып чыгып, Гатка согуш ачып, аны басып алды. Анан Хазаел Иерусалимге барууну чечти.

    12:18 Бирок Жүйүт падышасы Жааш Жүйүт падышаларынын – өзүнүн аталары Жошапаттын, Жорамдын, Ахазайдын жана өзүнүн ийбадаткана үчүн курмандык кылгандарынын баарын, Теңир үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы алтындын баарын алып, Сирия падышасы Хазаелге жөнөттү. Ошондо Хазаел Иерусалимден кетти.

    12:19 Жааш жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    12:20 Кызматчылары Жаашка каршы көтөрүлүп, чыккынчылык кылышты, аны Сылага бара жаткан жолдогу Милка үйүндө өлтүрүштү.

    12:21 Аны өз кызматчылары: Шиматтын уулу Жозахар, Шомердин уулу Жейозабат өлтүрдү, ал өлдү. Анын сөөгүн ата-бабаларынын жанына, Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна өз уулу Аматсия такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск