Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Аталея ханыша

    11:1 Ахазайдын энеси Аталея уулунун өлгөнүн көрүп, падышанын бардык тукумун кырдырып салды.

    11:2 Бирок падышанын уулдарын өлтүрүп жатканда, Жорам падышанын кызы, Ахазайдын эжеси Жешеба Ахазайдын уулу Жаашты баккан энеси менен кошо уктоочу бөлмөгө жашыруун алып кетти. Аны Аталеядан жашырып, аман алып калды.

    11:3 Жешеба аны Теңир үйүндө алты жыл жашырды, ошол убакта ал жерде Аталея падышачылык кылып турду.

    11:4 Жетинчи жылы Жойат киши жиберип, сакчылардын арасынан жүз башыларды жана жөө күлүктөрдү өзүнө, Теңир үйүнө алдырып, алар менен келишим түзүп, Теңир үйүндө алардан ант алып, аларга падышанын уулун көргөздү.

    11:5 Анан аларга мындай деп буйруду: «Мындай кылгыла: ишемби күнү күзөткө туруучуларыңардын эчтөн бир бөлүгү падыша үйүнүн күзөтүндө тургула.

    11:6 үкинчи бөлүгүңөр Шур дарбазасынын алдында, үчүнчү бөлүгүңөр сакчылардын арт жагындагы дарбазанын алдында турасыңар. Талкалап кетпеши үчүн, эйдү тегеректеп, күзөттө тургула.

    11:7 Ишемби күнү күзөттөн кетүүчүлөрүңөрдүн эки бөлүгү Теңир үйүндө падышаны кайтарып, күзөттө тургула.

    11:8 Ар бириңер колуңарга курал алып, падышаны бардык жагынан курчап тургула. Ким катарды бузуп кирем десе, ал өлтүрүлсүн. Падыша киргенде да, чыкканда да, жанында болгула».

    11:9 Ыйык кызмат кылуучу Жойат кандай буйруса, жүз башылар бардыгын ошондой кылышты. Алар ишемби күнү күзөткө келүүчү жана күзөттөн кетүүчү өз кишилерин алып, ыйык кызмат кылуучу Жойатка келишти.

    11:10 Ыйык кызмат кылуучу Дөөт падышанын Теңир үйүндөгү найзалары менен калкандарын жүз башыларга таратып берди.

    11:11 Жөө күлүктөрдүн ар бири колдоруна курал алып, эйдүн оң бурчунан сол бурчуна чейин, курмандык чалынуучу жайдын жанында жана эйдүн жанында падышаны курчап турушту.

    11:12 Ошондо Жойат падышанын уулун алып чыгып, анын башына таажы кийгизип, келишимдин көчүрмөсүн берди. Аны такка отургузушту, зайтун майы менен майлашты, анан кол чаап: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.

    11:13 Аталея чуркап бара жаткан элдин ызы-чуусун угуп, Теңир үйүндөгү элге жөнөдү.

    11:14 Анан ал падышалар туруучу секичеде падыша турганын, падышанын жанында төрөлөр, сурнайчылар турганын көрдү. Ал жердеги элдин баары сүйүнүп, сурнай тартып жатышкан эле. Ошондо Аталея кийимин айрып жиберип: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» – деп кыйкырды.

    11:15 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Жойат жүз башыларга, аскер жетекчилерине, мындай деп буйрук берди: «Аны бул жерден алып кеткиле. Ал Теңир үйүндө өлтүрүлбөшү керек. Ким анын артынан жөнөсө, аны кылычтап өлтүргүлө».

    11:16 Аялга жол беришти, ал аттар кирүүчү эшиктен өтүп, падыша үйүнө бара жатканда өлтүрүлдү.

    Ыйык кызмат кылуучу Жойат

    11:17 Анан эл Теңирдин эли болушу үчүн, Жойат Теңир менен падышанын жана элдин, эл менен падышанын ортосунда келишим түздү.

    11:18 Анан ал жердин бүт эли Баал үйүнө барып, ага курмандык чалуучу жайларды кыйратышты, анын айкелдерин тыптыйпыл кылып талкалашты, Баал бутканасынын кызматчысы Матанды курмандык чалынуучу жайлардын алдында өлтүрүштү. Ыйык кызмат кылуучу Теңир үйүнө сакчыларды койду.

    11:19 Жүз башыларды, сакчыларды, жөө күлүктөрдү жана ал жердин бүт элин алып, Теңир үйүнөн падышаны узатып, сакчылардын дарбазасы аркылуу өтүп, падышанын үйүнө келди. Анан падышаны такка отургузушту.

    11:20 Ал жердин бүт эли шаттанды, шаар тынчтыкка бөлөндү. Аталеяны болсо падыша үйүндө кылычтап өлтүрүштү.

    11:21 Жааш тактыга отурганда, жети жашта эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск