Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Ахаптын тукумунун жазаланышы

    10:1 Ахаптын Самарияда жетимиш уулу бар эле. Жейу Изрейел жетекчилерине, аксакалдарына, Ахаптын балдарынын тарбиячыларына кат жазып, Самарияга жөнөттү. Ал каттын мазмуну мындай эле:

    10:2 «Бул катты аларыңар менен падышаңардын уулдарынын ичинен эң мыктысын, эң татыктуусун тандап, аны атасынын тагына отургузгула.

    10:3 Мырзаңардын уулдары да, майдан арабалар да, аттар да, чептүү шаарлар да, курал-жарак да силерде болгондуктан, падышаңардын тукуму үчүн согушкула».

    10:4 Алар аябай коркуп кетип: «Мына, ага эки падыша туруштук бере алган жок, биз кантип туруштук беребиз?» – дешти.

    10:5 Падыша сарайынын башчысы, шаар башчысы, аксакалдар жана тарбиячылар Жейуга: «Биз сенин кулдарыңбыз, бизге эмне десең, ошону кылабыз. Биз үч кимди падыша койбойбуз. өзүң туура көргөндү кыл», – деп айттырып жиберишти.

    10:6 Ал экинчи жолу аларга мындай кат жөнөттү: «үгер силер мен тарапта болсоңор, мага баш ийсеңер, анда эртең ушул убакта мага, Изрейелге падышаңардын уулдарынын баштарын алып келгиле».

    10:7 Аларга кат жеткенде, алар падышанын жетимиш уулун мууздап, алардын баштарын себеттерге салышып, Жейуга, Изрейелге жөнөтүштү.

    10:8 Жиберилген киши келип, ага: «Падыша уулдарынын баштарын алып келишти», – деп билдирди. Ал: «Аларды эртең мененкиге чейин дарбазанын кире беришине экиге бөлүп үйүп койгула», – деди.

    10:9 Ал эртең менен сыртка чыгып, жалпы элге мындай деди: «Силер күнөөлүү эмессиңер. Мына, мен өз падышама каршы чыгып, аны өлтүрдүм. Ал эми булардын баарын ким өлтүрдү?

    10:10 үми билип койгула, Теңирдин Ахаптын тукуму жөнүндө айткан бир да сөзү жерде калбайт. Теңир өз кулу Илияс аркылуу айтканын аткарды».

    10:11 Жейу Ахаптын тукумунун Изрейелде калгандарынын бардыгын: анын даражалуу төрөлөрүн, жакындарын, ыйык кызмат кылуучуларын өлтүрдү. Ошентип, үч кимиси тирүү калган жок.

    Ахазайдын бир туугандарынын өлтүрүлүшү

    10:12 Анан ал туруп, Самарияга келди. Жейу койчулардын Бейт-үйкетинин жанынан өтүп бара жатканда,

    10:13 Жүйүт падышасы Ахазайдын бир туугандарына кезигип, алардан: «Силер кимсиңер?» – деп сурады. Алар: «Биз Ахазайдын бир туугандарыбыз, падыша менен ханышанын уулдарынын ден соолугун билели деп бара жатабыз», – деп жооп беришти.

    10:14 Ошондо ал: «Аларды тирүү кармагыла», – деди. Аларды тирүү кармап, кырк эки кишини Бейт-үйкет кудугунун жанында мууздап салышты. Алардын бирөө да тирүү калган жок.

    Ахаптын бир туугандарынын өлтүрүлүшү

    10:15 Андан ары жөнөп, аны утурлап келе жаткан Рейхаптын уулу Жонадапка жолугуп, аны менен саламдашып, андан: «Менин сага ниетим ак, сенин да мага ниетиң акпы?» – деп сурады. Жонадап: «Ак», – деп жооп берди. Жейу ага: «үгер андай болсо, анда колуңду бер», – деди. Ал колун берди, Жейу аны өзүнүн майдан арабасына салып алды.

    10:16 Анан: «Мени менен жүр, менин Теңирге болгон кызганчаактыгымды көр», – деди. Аны майдан арабага отургузушту.

    10:17 Жейу Самарияга келип, Ахаптын тирүү калгандарынын баарын өлтүрдү, Теңирдин Илияска айткан сөзү боюнча аларды таптакыр жок кылды.

    Баалдын кызматчыларынын өлтүрүлүшү

    10:18 Жейу бүт элди чогултуп, аларга мындай деди: «Ахап Баалга аз кызмат кылган. Жейу ага көп кызмат кылат.

    10:19 Ошондуктан мага Баалдын пайгамбарларынын, буткана кызматчыларынын бирин калтырбай чакыргыла, анткени мен Баалга чоң курмандык чалам. Ким келбей калса, ал тирүү калбайт». Баалга кызмат кылгандарды жок кылуу үчүн, Жейу ушундай куулук кылды.

    10:20 Жейу: «Баалдын урматына майрамдык чогулуш жарыялагыла», – деди. Чогулуш жарыялашты.

    10:21 Жейу Ысрайылдын бүт жерине чабарман жөнөттү. Ошондо Баалга кызмат кылгандардын бардыгы келишти. Келбей калган бир да киши болгон жок. Алар Баал үйүнө киришти, Баал үйү кишиге толду.

    10:22 Ошондо ал кийим кайтаруучуга: «Баалга кызмат кылгандардын бардыгына кийим алып кел», – деди. Ал аларга кийим алып келди.

    10:23 Жейу Рейхаптын уулу Жонадап менен Баалдын үйүнө кирип, Баалдын кызматчыларына: «Силердин араңарда Теңирдин кызматчылары жокпу, карап көргүлөчү, анткени бул жерде бир гана Баалдын кызматчылары болушу керек», – деди.

    10:24 Анан алар бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чала башташты. Жейу эйдүн сыртына сексен киши коюп: «Мен силердин колуңарга салып берип жаткан кишилердин бирин ким качырып жиберсе, анда ал качып кеткен адамдын ордуна өлөт», – деди.

    10:25 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлгөндөн кийин, Жейу жөө күлүктөрүнө жана башчыларына: «Баргыла, аларды өлтүргүлө, бири да качып кетпесин», – деди. Аларды кылычтап өлтүрүштү, башчылар менен жөө күлүктөр аларды сыртка ыргытышты, анан Баалдын бутканасы жайгашкан шаарга жөнөштү.

    10:26 Баалдын бутканасынан буркандарды алып чыгып өрттөштү.

    10:27 Анан Баалдын айкелин талкалап, бутканасын кыйратышты. Ал жерди ажатканага айландырышты, ал ушул күнгө чейин ошондой.

    10:28 Ошентип, Жейу Ысрайыл жеринен Баалды жок кылды.

    10:29 Бирок Жейу Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн таштаган жок, Дан менен Бейтелдеги алтын музоолорго табынуусун токтоткон жок.

    10:30 Теңир Жейуга: «Менин алдымда адилеттүү эсептелген нерсени чын көңүлүңдөн аткарганың үчүн, Ахаптын тукумун кырып, Менин жүрөгүмдөгүнүн бардыгын аткаргандыгың үчүн, сенин уулдарың төртүнчү муунга чейин Ысрайылдын тагында отурат», – деди.

    10:31 Бирок Жейу Ысрайылдын Кудай-Теңиринин мыйзамы менен жүрүүгө бүт жүрөгүн берип аракет кылган жок. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын күнөөлөрүн таштаган жок.

    Жейунун өлүшү

    10:32 Ошол күндөрдө Теңир Ысрайылдын жеринин аянтын кичирейте баштады. Хазаел Ысрайылдын бардык жериндеги ысрайылдыктарды кырды.

    10:33 Ал Иордандын чыгыш тарабындагы жерди – Гилат жерин, Гат, Рубейин, Менаше урууларынын жерин, Арнон дарыясынын боюндагы Аройерден тартып Гилат менен Башанга чейинки жерлерди басып алды.

    10:34 Жейу жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    10:35 Жейу ата-бабаларына кошулду, сөөгү Самарияга коюлду, ордуна уулу Жаахаз такка отурду.

    10:36 Жейу ысрайылдыктарга Самарияда жыйырма сегиз жыл падышачылык кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск