Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Жейунун Ысрайылга падыша болушу

    9:1 үлиша пайгамбар пайгамбар уулдарынын бирин чакырып, ага мындай деди: «Белиңди бууп, колуңа зайтун майы куюлган мына бул идишти алып, Гилаттын Рамотуна бар.

    9:2 Ал жерге барарың менен Нимшинин уулу, Жошапаттын уулу Жейуну издеп таап, аны өз бир туугандарынын арасынан бөлүп чыгып, ички бөлмөгө киргиз.

    9:3 Анан зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куюп, мындай де: “Теңир мындай дейт: "Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам"”. Анан эшикти ачып, качып кет, күтпө».

    9:4 Ошентип, жаш улан, пайгамбардын кызматчысы, Гилаттын Рамотуна жол тартты.

    9:5 Улан ал жерге келсе, аскер башчылар отурушуптур. Ал аларга: «Аскер башчы, сага айта турган сөзүм бар», – деди. Ошондо Жейу: «Кимибизге?» – деп сурады. Ал: «Сага, аскер башчы», – деди.

    9:6 Ал туруп, эйгө кирди. Улан анын башына зайтун майын куюп, мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Теңирдин эли Ысрайылга падыша кылып майлап жатам.

    9:7 Сен мырзаң Ахаптын тукумун кырып жок кыласың. Изебел колдуу болуп өлгөн Менин кулдарымдын – пайгамбарлардын каны үчүн, Теңирдин бардык кулдарынын каны үчүн Мен ошентип өч алам.

    9:8 Ошентип, Ахаптын бүт тукуму кырылат. Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.

    9:9 Ахаптын тукумун Небат уулу Жаробам менен Акия уулу Баашанын тукумундай кылам.

    9:10 Изебелди болсо Изрейел талаасында иттер жейт, аны үч ким көргө койбойт”». Анан ал эшикти ачып, качып кетти.

    9:11 Жейу өз мырзасынын кулдары отурган жерге чыкканда, андан: «Баары жайындабы? Сага бул келесоо эмнеге келди?» – деп сурашты. Ал аларга: «Бул кишини да, анын эмне деп айтканын да силер билесиңер», – деп жооп берди.

    9:12 Алар: «Бул калп, айт бизге», – деп айтышты. Ал мындай деди: «Ал мага муну айтты: “Теңир мындай дейт: Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам”».

    9:13 Ошондо алар шашылыш түрдө кийимдерин чечип, анын астына, тепкичке төшөй салып: «Жейу падыша болду!» – деп сурнай тартышты.

    Жейунун Жорамды өлтүрүшү

    9:14 Нимши уулу, Жошапат уулу Жейу Жорамга каршы көтөрүлдү. Жорам болсо бүт ысрайылдыктар менен бирге Гилаттын Рамотун Сирия падышасы Хазаелден коргоп турду.

    9:15 Падыша Жорам Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу үчүн, Изрейелге кайтып келген эле. Жейу ага: «үгер силер макул болсоңор, анда ушул кабарды Изрейелге жеткирем деп, шаардан үч ким чыкпасын», – деди.

    9:16 Анан Жейу аттанып, ооруп жаткан Жорамды көргөнү Изрейелге жөнөп кетти. Ал жерге Жүйүт падышасы Ахазай да Жорамды көргөнү келген эле.

    9:17 Изрейелдеги мунаранын үстүндө турган сакчы Жейунун келе жаткан көп аскерин көрүп: «Мен көп аскерди көрүп жатам», – деди. Жорам: «Атчан аскер жөнөт, ал алардын астынан тосуп чыгып: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?” – деп сурасын», – деди.

    9:18 Ошондо атчан аскер анын алдынан чыгып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласың? Менин аркамдан бастыр», – деди. Сакчы мындай деп кабарлады: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек».

    9:19 Анан ал башка атчан аскерди жөнөттү, ал аларга барып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласың? Менин аркамдан бастыр», – деди.

    9:20 Сакчы кайрадан: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек. Жүрүшүнө караганда, ал Нимшинин уулу Жейу окшойт, себеби ал катуу чаап келе жатат», – деп билдирди.

    9:21 Ошондо Жорам: «Арабаны чеккиле», – деди. Анын майдан арабасын чегишти. Ошондо Ысрайыл падышасы Жорам жана Жүйүт падышасы Ахазай өздөрүнүн майдан арабалары менен жөнөштү. Алар Жейунун алдынан чыгып, ага изрейелдик Наботтун талаасында жолугушту.

    9:22 Жейуну көргөндө, Жорам: «Жейу, тынчтык менен келе жатасыңбы?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин энең Изебел бутка табынып, көп сыйкырчылык кылып жатса, кайдагы тынчтыкты айтасың?» – деди.

    9:23 Ошондо Жорам бурулуп, качып жөнөдү, анан Ахазайга: «Ахазай, чыккынчылык!» – деди.

    9:24 Жейу болсо жаасын колуна алып, тартып жиберди. Жебе Жорамдын эки далысынын ортосуна кадалды, жебе анын жүрөгүн тешип өттү. Ал өзүнүн майдан арабасына жыгылып жан берди.

    9:25 Анан Жейу өз төрөсү Бидекарга мындай деди: «Муну изрейелдик Наботтун талаасына алып барып ташта. экөөбүз мунун атасы Ахаптын артынан келе жатканыбызда, Теңирдин буга каршы кандай пайгамбарчылык айттырганы эсиңдеби?

    9:26 Теңир мындай деген: “Мен кечүү Наботтун жана анын уулдарынын канын көрдүм, ошол талаада сенден сөзсүз өч алам”. Андыктан Теңирдин сөзү боюнча аны талаага алып барып ташта».

    Ахазайдын өлтүрүлүшү

    9:27 Жүйүт падышасы Ахазай муну көргөндө, бактын ичиндеги эйгө кеткен жол менен качып жөнөдү. Жейу анын артынан түшүп: «Муну да өзүнүн майдан арабасында өлтүргүлө», – деди. Бул Иблейемдин жанындагы Гур дөңсөөсүндө болду. Ал Мегидого качып барып, ошол жерде өлдү.

    9:28 Кулдары аны Иерусалимге алып барып, Дөөттүн шаарындагы ата-бабалары жаткан мүрзөгө коюшту.

    9:29 Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он биринчи жылында Ахазай Жүйүткө падыша болгон.

    Изебелдин өлтүрүлүшү

    9:30 Жейу Изрейелге келди. Изебел муну укканда, бетине эндик сыйпап, чачы-башын жасап, терезеден карап турду.

    9:31 Жейу дарбазадан киргенде, Изебел: «өз падышасын өлтүргөн Зимри, тынчтык менен келдиңби?» – деди.

    9:32 Жейу терезени карап: «Ким мени менен, ким?» – деди. эки-үч эбнух терезеден башбагып, аны карады.

    9:33 Ал: «Изебелди терезеден ыргытып жибергиле», – деди. Алар аны ыргытып жиберишти. Анын каны дубалга, аттарга чачырады. Аны тепсеп салышты.

    9:34 Жейу келип, ичип-жеп, анан: «Бул каргыш тийгенди таап келип, көргө койгула, ал падышанын кызы эмеспи», – деди.

    9:35 Аны көргө койгону барышса, анын баш сөөгүнөн, буттарынан, колунун манжаларынан башка үч нерсе калбаптыр.

    9:36 Кайра келишип, ага билдиришти. Ошондо ал мындай деди: «Теңирдин өз кулу тишпилик Илияс аркылуу айткан сөзү ушундай болчу: Изебелдин денесин Изрейел талаасында иттер жейт.

    9:37 Изрейел талаасында Изебелдин өлүгү кык сыяктуу болот, ошондо: “Бул – Изебел”, – деп, үч ким айтпайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск