Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Шунемдик аялга талаасын кайра алып берүү

    8:1 үлиша уулун тирилткен баягы аялга: «Тур, эй-бүлөң менен жолго чык, кайсы жерде жашай ала турган болсоң, ошол жерде жаша, анткени Теңир ачарчылык чакырды, бул жерде жети жыл ачарчылык болот», – деди.

    8:2 Тиги аял туруп, Кудайдын кишиси айткандай кылды. Ал эй-бүлөсү менен Пелишти жерине барып, ал жерде жети жыл жашады.

    8:3 Жети жыл өткөндөн кийин ал аял Пелишти жеринен кайтып келип, өз үйүн, өз жерин кайра сурап алуу үчүн падышага келди.

    8:4 Ошол учурда падыша Кудайдын кишисинин кызматчысы Гейхази менен сүйлөшүп отурган. Падыша ага: «Мага элиша кылган жакшы иштердин баарын айтып берчи», – деди.

    8:5 Ал элишанын өлгөндү тирилткенин падышага айтып жатканда, элиша тирилткен баланын энеси падышадан өз үйүн, өз жерин сурады. Ошондо Гейхази: «Мырза падыша, бул – ошол аял, бул – анын элиша тирилткен уулу», – деди.

    8:6 Падыша аялдан сурады, аял ага айтып берди. Падыша ага сарай кызматчыларынын бирин кошуп берип: «Ага таандык болгондун баарын жана өз өлкөсүн таштап кеткен күндөн ушул күнгө чейинки талаасынан түшкөн кирешесинин баарын бүт кайрып бергиле», – деди.

    үлиша жана Хазаел

    8:7 Сирия падышасы Бенадат ооруп жатканда, элиша Дамаскка келди. Бенадатка: «Кудайдын кишиси бул жерге келди», – деп билдиришти.

    8:8 Падыша Хазаелге: «Колуңа тартуу алып, Кудайдын кишисинин алдынан чыгып, андан Теңирдин эркин сура: “Мен ушул оорудан айыгамбы?”» – деди.

    8:9 Хазаел анын алдынан тосуп чыгууга кетти. Тартууну – Дамасктын баалуу нерселерин кырк төөгө жүктөп алып, анын алдына келип: «Сенин уулуң, Сирия падышасы Бенадат мени сага жөнөттү, ал: “Мен ушул оорудан айыгамбы?” – деп сурап жатат», – деди.

    8:10 үлиша ага: «Барып, ага: “Айыгасың”, – деп айт, бирок Теңир мага: “Ал өлөт”, – деди».

    8:11 үлиша андан көзүн албай карап тура бергендиктен, ал өзүн ыңгайсыз сезди. Анан Кудайдын кишиси ыйлап жиберди.

    8:12 Ошондо Хазаел: «Менин мырзам эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ал: «Сенин Ысрайыл уулдарына кандай жамандык кыларыңды билем, ошон үчүн ыйлап жатам. Сен алардын чептерин өрттөйсүң, жаш уландарын кылычтап өлтүрөсүң, эмчектеги балдарын жанчып өлтүрөсүң, кош бойлуу аялдарынын курсагын жарасың», – деди.

    8:13 Хазаел: «Мындай чоң кылмыш кылгыдай, сенин кулуң, эмне, дөбөт беле?» – деди. элиша: «Теңир мага сенин Сирияга падыша болоруңду көрсөттү», – деди.

    8:14 Ал элишанын жанынан кетип, өз падышасына келди. Ал андан: «үлиша сага эмне деди?» – деп сурады. Ал ага: «Ал мага сенин айыгарыңды айтты», – деди.

    8:15 үртеси күнү ал жуурканды алып, аны сууга малып, Бенадаттын бетине жапты, ал өлдү. Анын ордуна Хазаел такка отурду.

    Жорам – Жүйүт падышасы

    8:16 Ысрайыл падышасы Ахаптын уулу Жорамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Жүйүт падышасы Жошапаттын ордуна уулу Жорам такка отурду.

    8:17 Ал такка отурганда, отуз эки жашта эле. Ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды.

    8:18 Ал Ахаптын тукуму кылган иштерди кылып, Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү, себеби Ахаптын кызы анын аялы болчу. Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    8:19 Бирок Теңир Жүйүттү өз кулу Дөөт үчүн жок кылгысы келбеди, анткени Ал анын тукумунун чырагы түбөлүккө жаркырап турарын убада кылган эле.

    8:20 Анын убагында эдомдуктар Жүйүттүн кол астынан чыгып, өздөрүнө падыша коюп алышты.

    8:21 Жорам бүт майдан арабалары менен Сайырга жөнөдү. Ал түн ичинде туруп, өзүн курчаган эдомдуктарды майдан арабаларынын башчылары менен кошо талкалады, бирок эл өз чатырларына качып кетти.

    8:22 Ушул күнгө чейин эдом Жүйүттүн кол астында эмес. Ошол эле убакта Либна да бөлүнүп чыкты.

    8:23 Жорам жөнүндө, анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    Ахазай – Жүйүт падышасы

    8:24 Жорам ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюлду. Анын ордуна уулу Ахазай такка отурду.

    8:25 Ысрайыл падышасы Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он экинчи жылында Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай такка отурду.

    8:26 Ахазай такка отурганда, жыйырма эки жашта эле. Ал Иерусалимде бир жыл падышачылык кылды. энесинин аты – Аталея, ал Ысрайыл падышасы Омринин кызы болчу.

    8:27 Ал да Ахаптын тукумунун жолу менен жүрүп, Ахаптын тукумуна окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды, анткени ал Ахаптын тукуму менен тууган эле.

    8:28 Ал Ахаптын уулу Жорам менен Гилаттын Рамотуна Сирия падышасы Хазаел менен согушууга барды. Сириялыктар Жорамды жарадар кылышты.

    8:29 Падыша Жорам Рамотто Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу үчүн, Изрейелге кайтып келди. Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай ооруп жаткан Ахаптын уулу Жорамды көрүү үчүн, Изрейелге келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск