Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 үлиша: «Теңирдин сөзүн уккула, Теңир мындай дейт: “үртең ушул убакта Самария дарбазасынын алдында бир ченем эң жакшы ундун баасы бир шекелден, эки ченем арпанын баасы бир шекелден болот”», – деди.

    7:2 Колуна падыша таянган төрө Кудайдын кишисине: «Теңир асман терезелерин ачса да, ошондой болмок беле?» – деди. элиша ага: «Ошондой болгонун өз көзүң менен көрөсүң, бирок сен андан жебейсиң», – деди.

    Сириялык аскерлердин качышы

    7:3 Дарбазанын кире беришинде пес оорулуу төрт киши отурган. Алар бири-бирине: «өлүмдү күтүп, ушул жерде отура беребизби?

    7:4 Шаарга барсак деле өлөбүз, анткени шаарда ачарчылык болуп жатат. Бул жерде отура берсек да өлөбүз. Андан көрө сириялыктардын кошуунуна барганыбыз жакшы. Бизди тирүү калтырышса, жашайбыз; өлтүрүшсө, өлөбүз», – дешти.

    7:5 Күүгүм киргенде алар сириялыктардын кошуунуна жөнөштү. Алар сириялыктардын кошуунунун четине келишсе, ал жерде бир да киши жок экен.

    7:6 Теңир мындай кылган эле: сириялыктардын кошуунуна майдан арабалардын дүңгүрөгөнү, аттардын кишенегени, көптөгөн аскерлердин чуусу угулду. Ошондо алар бири-бирине: «Чын эле, Ысрайыл падышасы бизге кол салыш үчүн, мисирликтер менен хеттиктердин падышаларын жалдаса керек», – деп,

    7:7 күүгүм киргенде алар чатырларын, аттарын, эшектерин, бүт кошуунун, ал кандай болсо, ошол бойдон таштап, жандарын гана сактап качып кетишти.

    7:8 Жанагы пес оорулуулар кошуундун четине келип, бир чатырга кирип, ичип-жешти да, андан күмүштөрдү, алтындарды, кийимдерди алышты да, барып, катып коюшту. Башка чатырга да кирип, андан да алышты да, барып, катып коюшту.

    7:9 Анан алар бири-бирине: «Биз туура эмес кылып жатабыз. Бул күн – кубанычтуу кабардын күнү. эгер биз муну айтпай, жарык киргенче күтө турган болсок, анда айыпка жыгылабыз. Барып, падыша үйүнө билдирели», – деп айтышты.

    7:10 Алар барып, шаар дарбазачыларын чакырып, аларга: «Биз сириялыктардын кошуунуна барсак, ал жерде бир да киши жок экен, адамдын үнү да угулбайт. Байланган аттар, байланган эшектер гана калыптыр, чатырлар кандай болсо, ошондой боюнча туруптур», – деп айтып беришти.

    7:11 Дарбазачылар бул кабарды падыша сарайындагыларга айтып барышты.

    7:12 Падыша түн ичинде туруп, өзүнүн кызматчыларына: «Мен силерге сириялыктардын бизге эмне кылганы жатышканын айтайын. Алар бизде ачкачылык болуп жатканын билишет, ошондуктан: “Алар шаардан чыкканда, биз аларды тирүү кармап, шаарды басып киребиз”, – деп ойлоп, кошуундан чыгып, талаага жашынып калышты», – деди.

    7:13 Ошондо анын кызматчыларынын бири: «Шаарда калган беш атты алып, кишилерибизди жиберип көрөлү (Ысрайылдын кырылып калган атчан аскерлеринин кошуунунан калганы ошол гана болчу)», – деди.

    7:14 үки майдан арабага түгөйү менен чегилген аттарды алышты. Падыша аларды: «Барып, көрүп келгиле», – деп, сириялыктардын аскеринин артынан жиберди.

    7:15 Алардын артынан Иорданга чейин жол жүрүштү. Жолдо сириялыктар шашылыш качып бара жатканда таштап кеткен кийимдери менен буюмдары жайнап жатыптыр. Жиберилгендер кайра кайтып келип, падышага билдиришти.

    7:16 үл жапырт чыгып, сириялыктардын кошуунун талап-тоноп алды. Теңирдин сөзү боюнча бир ченем эң жакшы ундун баасы бир шекелден, эки ченем арпанын баасы да бир шекелден болду.

    7:17 Анан падыша колуна таянган төрөнү дарбазанын жанына койду. эл аны дарбазанын жанында тебелеп салды. Ал өлдү, падыша Кудайдын кишисине келгенде, Кудайдын кишиси ага кандай айтса, ошондой болду.

    7:18 Ошондо Кудайдын кишиси падышага: «үртең ушул убакта Самариянын дарбазасынын алдында бир ченем эң жакшы ундун жана эки ченем арпанын баасы бир шекелден болот», – деген.

    7:19 Ошондо ушул төрө Кудайдын кишисине: «Теңир асман терезелерин ачса да, ошондой болмок беле?» – деген эле. Кудайдын кишиси болсо ага: «Ошондой болгонун өз көзүң менен көрөсүң, бирок сен андан жебейсиң», – деген.

    7:20 Ага кандай айтылса, ошондой болду. эл аны дарбазанын алдында тепсеп салды, ал өлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск