Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    үлишанын сууга түшүп кеткен балтаны алып чыгышы

    6:1 Пайгамбар уулдары элишага мындай деп айтышты: «Сенин жаныңдагы биз жашап жаткан жер бизге тардык кылат.

    6:2 Иорданга баралы, ал жерден ар бирибиз бирден устун алалы да, ал жерге өзүбүзгө жашаганга жай куралы». Ал: «Баргыла», – деди.

    6:3 Алардын бири: «Ырайым этип, кулдарың менен сен да бар», – деди. Ал: «Макул, барайын», – деди.

    6:4 Ошентип, ал алар менен бирге кетти. Алар Иорданга келип, бак кыя башташты.

    6:5 Бирөө бак кулатып жатканда, балтасы сууга түшүп кетти. Ошондо ал: «Ий, мырзам! Бул убактылуу пайдаланууга алынган балта эле», – деп кыйкырып жиберди.

    6:6 Кудайдын кишиси: «Ал кайсы жерге түштү?» – деп сурады. Ал ага балта түшкөн жерди көрсөттү. элиша бактан бир бутак кыйып алып, сууга таштады, ошондо балта калкып чыкты.

    6:7 Анан ал ага: «Балтаны ал», – деди. Тигил колун сунуп, балтаны алды.

    Теңирдин сириялыктарды сокур кылышы

    6:8 Сирия падышасы ысрайылдыктар менен согушууга жөнөп жатып, өз кызматчылары менен кеңешип: «Мен өз кошуунумду мындай-мындай жерге жайланыштырам», – деди.

    6:9 Кудайдын кишиси Ысрайыл падышасына: «Ушундай жерден өтүүдөн сак бол, анткени ал жерде сириялыктар жашынып жатышат», – деп айттырып жиберди.

    6:10 Ысрайыл падышасы Кудайдын кишиси айтып эскерткен жанагы жерге бир нече ирет киши жиберди. Ошентип, ал ошол жерге баруудан сактанды.

    6:11 Ушундан улам Сирия падышасынын тынчы кетип, өз кулдарын чакырып, аларга: «Арабыздан кимдин Ысрайыл падышасы менен байланышы бар, айткылачы мага?» – деди.

    6:12 Кызматчыларынын бири: «Мырзам падыша, андай үч ким жок. Ысрайылдагы элиша пайгамбар сенин уктоочу бөлмөңдө айткан сөздөрүңдү да Ысрайыл падышасына айтып берет», – деди.

    6:13 Ошондо ал: «Барып, анын кайда экенин билип келгиле. Киши жиберип, мен аны алдырып келем», – деди. Ага: «Азыр ал Дотанда», – деп билдиришти.

    6:14 Ал ошол жерге аттарды, майдан арабаларды жана көп аскерлерди жөнөттү. Алар түнү менен келишип, шаарды курчоого алышты.

    6:15 Кудайдын кишисинин кызматчысы эртең менен туруп, тышка чыкса, аскерлер, аттар жана майдан арабалар шаарды курчап алышыптыр. Ошондо кызматчысы ага: «Мырзам, эми эмне кылабыз?!» – деди.

    6:16 Ал: «Коркпо, анткени биздикилер тигилердикинен көп», – деди.

    6:17 үлиша Кудайга: «Теңир! Мунун көзүн ач, көрсүн», – деп сыйынды. Теңир анын кызматчысынын көзүн ачты. Ошондо ал элишаны курчаган тоодон жер жайнаган оттуу аттар менен майдан арабаларды көрдү.

    6:18 Сириялыктар элишага жакындап келген кезде, ал Теңирге: «Аларды сокур кылып сал», – деп сыйынды. элишанын сөзү боюнча Теңир аларды сокур кылып салды.

    6:19 үлиша аларга: «Бул силер түшүүчү жол эмес, силер баруучу шаар эмес. Менин артымдан эүрчигиле, мен силерди издеп жүргөн кишиңерге алып барам», – деди. элиша аларды Самарияга алып келди.

    6:20 Алар Самарияга келишкенде, элиша: «Теңир! Булардын көзүн ач, көрүшсүн», – деди. Теңир алардын көзүн ачканда, алар өздөрүнүн Самариянын ортосунда турушканын көрүштү.

    6:21 Буларды көрүп, Ысрайыл падышасы элишадан: «Ата, буларды өлтүрөйүнбү?» – деп сурады.

    6:22 Ал: «өлтүрбө. өлтүргүдөй, сен буларды кылыч шилтеп, жаа тартып, туткундап келдиң беле? Булардын алдына нан, суу кой. Ичип-жешсин да, өз падышасына барышсын», – деди.

    6:23 Ошентип, аларга мол тамак даярдалды, алар ичип-жешти. Анан аларды коё берди, алар өз падышасына кетишти. Ошондон кийин сириялык бул аскер тобу Ысрайыл жерине келген жок.

    Самариянын курчоого алынышы

    6:24 Андан кийин Сирия падышасы Бенадат өзүнүн бүткүл аскерин чогултуп, Самарияны курчап алды.

    6:25 Алар Самарияны курчап алган убакта ал жерде чоң ачарчылык болуп, эшектин башы сексен күмүш шекелден, көгүчкөндүн кыгынын төрттөн бир кабы беш күмүш шекелден сатылып жаткан.

    6:26 Бир жолу Ысрайыл падышасы дубалдын үстүндө бара жатса, бир аял ага: «Мырзам падыша, жардам кыл», – деп жалбарды.

    6:27 Падыша ага: «үгер сага Теңир жардам бербесе, мен эмне кылып жардам бермек элем? Кырманда дан жок, жүзүм сыгылуучу жайда шарап жок», – деди.

    6:28 Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады. Аял: «Бул аял мага: “Балаңды бер, биз аны бүгүн жейли, менин баламды болсо эртең жейбиз”, – деген.

    6:29 Ошентип, менин уулумду бышырып жедик. эртеси күнү мен ага: “үми балаңды сен бер, аны жейли”, – дедим. Бирок ал уулун катып койду», – деди.

    6:30 Аялдын сөзүн укканда, падыша өз кийимин айрып жиберди. Ал дубал менен өтүп бара жатканда, эл анын жылаңач денесине зумбал кийип алганын көрдү.

    6:31 Падыша: «үгер бүгүн Шапат уулу элишанын башы ийнинде кала турган болсо, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деди.

    6:32 үлиша болсо өз үйүндө отурган, аныкында аксакалдар да отурушкан. Падыша өз атынан киши жиберди. өзүнө жиберилген адам келерден мурун ал аксакалдарга мындай деди: «Бул киши өлтүргүчтүн уулу менин башымды алдырганы киши жибергенин көрдүңөрбү? Жиберилген адам келгенде, эшикти бекитип, ачпай койгула. Мына, анын артынан келе жаткан мырзасынын да дүбүртү угулуп жатат!»

    6:33 үлиша алар менен сүйлөшүп бүтө электе, жиберилген адам келип: «Теңир башыбызга мына ушундай мүшкүл салды! Теңирден эми эмнени күтсөм болот?» – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск