Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Наамандын айыгышы

    5:1 Сирия падышасынын аскер башчысы Нааман өз мырзасынын кадырлуу жана мыкты деп эсептелген адамы эле, себеби сириялыктарга жеңишти Теңир ошол аркылуу берген. Ал киши мыкты жоокер болчу, бирок пес оорулуу эле.

    5:2 Сириялыктар бир жолу жоокерлери менен барып, Ысрайыл жеринен бир кичинекей кызды туткундап келишкен, ал Наамандын аялына кызмат кылчу.

    5:3 Ал өзүнүн мырзайымына: «үгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!» – деди.

    5:4 Ошондо Нааман өз мырзасына барып: «Жанагы Ысрайыл жеринен келген кыз ушундай-ушундай деп айтып жатат», – деди.

    5:5 Сирия падышасы Нааманга: «Барып кел, мен Ысрайыл падышасына кат жиберем», – деди. Ал жанына он талант күмүш, алты миң шекел алтын жана он сыйра кийим алып, жөнөп кетти.

    5:6 Ал Ысрайыл падышасына катты алып келди. Ал катта мындай деп жазылган эле: «Мен ушул кат менен бирге кызматчым Нааманды сага жиберип жатам, сен аны пес оорусунан айыктыр».

    5:7 Ысрайыл падышасы катты окуганда, өз кийимин айрып: «“Пес оорусунан айыктыр”, – деп, мага жибергидей, өлтүргүдөй же тирилткидей, мен, эмне, Кудаймынбы? Мына көрдүңөрбү, ал мени менен касташуу үчүн шылтоо издеп жатат», – деди.

    5:8 Кудайдын кишиси элиша Ысрайыл падышасынын өз кийимин айрыганын угуп, падышага: «Сен эмне үчүн өз кийимиңди айрыдың? Ал мага келсин, Ысрайылда пайгамбар бар экенин билсин», – деп айттырып жиберди.

    5:9 Ошондо ал өзүнүн аттары жана майдан арабалары менен келип, элишанын үйүнүн алдына токтоду.

    5:10 үлиша ага кызматчысынан: «Барып, Иорданга жети жолу жуунгун, ошондо сенин денең айыгып, таза болосуң», – деп айттырып жиберди.

    5:11 Наамандын ачуусу келип: «Ал мага өзү келип, өз Кудай-Теңиринин ысымын чакырып, колун ооруган жериме коюп, пес оорусунан айыктырат деп ойлогом.

    5:12 Дамасктын Абана жана Парпар дарыялары Ысрайылдын сууларынан артык эмеспи? эмне, мен ошолорго түшүп жуунсам, тазаланбаймынбы?» – деди. Ошентип, ал бурулду да, ачууланган бойдон жөнөп кетти.

    5:13 Ошондо анын кулдары жанына келип: «Атабыз, эгер пайгамбар сага бир чоң ишти айтса, сен аны кылмаксың да. эми анын жөн гана: “Жуунгун, ошондо таза болосуң”, – деген сөзүн аткарбай коёсуңбу?» – дешти.

    5:14 Ал барып, Кудайдын кишисинин сөзү боюнча Иорданга жети жолу чөмүлдү, ошондо анын денеси айыгып, жаш баланын денесиндей таптаза болуп калды.

    5:15 Ал өзүнүн коштоп жүргөн кишилери менен Кудайдын кишисине кайтып келип, анын алдына туруп: «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин мен эми билдим. Ошондуктан кулуңдун белегин кабыл ал», – деди.

    5:16 үлиша: «Мен алдында турган Теңир тирүү! Белегиңди албайм», – деди. Тигил: «Ал», – деп суранды, бирок ал макул болбой койду.

    5:17 Ошондо Нааман мындай деди: «Анда кулуңа эки качыр көтөрө алгыдай топурак берилсин, анткени кулуң ушул күндөн тартып, Теңирден бөлөк кудайларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чалбайт.

    5:18 Бирок Теңир кулуңа мындай учурда кечирим кылсын: менин төрөм Римон үйүнө табынганы барганда, менин колума таянат, ошондо мен Римон үйүндө табынам, ушундай учурда Римон үйүндө табынганым үчүн, Теңир кулуңду кечирсин».

    5:19 Ошондо ал ага: «Тынчтык менен бара бер!» – деди. Ал андан бир аз узап кеткенден кийин,

    5:20 Кудайдын кишиси элишанын кызматчысы Гейхази ичинен мындай деп ойлоду: «Мырзам сириялык Нааман алып келген белектерди албай койду. Теңир тирүү! Анын артынан чуркап барайын да, андан бир нерсе алайын».

    5:21 Ошентип, Гейхази Наамандын артынан кетти. Нааман артынан чуркап келе жаткан кишини көрүп, майдан арабасынан түшүп, аны утурлап чыгып: «Баары жайындабы?» – деп сурады.

    5:22 Ал: «Баары жайында, бирок мырзам мени сага мындай деп жөнөттү: “Мага азыр эпрайым тоосунан, пайгамбар уулдарынан эки жаш жигит келди. Аларга бир талант күмүш жана эки сыйра кийим бер”», – деди.

    5:23 Ошондо Нааман: «Ал, эки талант ал», – деди. Аны көндүрүп, эки талант күмүштү, эки сыйра кийимди эки капка салып, өзүнүн эки кызматчысына берди. Алар көтөрүп алып, тигинин алдына түшүштү.

    5:24 Гейхази дөбөгө жеткенде, буюмдарды кулдардын колунан алып, үйүнө катып койду. Аларды коё берди, алар кетишти.

    5:25 Гейхази келип, өз мырзасына көрүнгөндө, элиша ага: «Гейхази, кайда барып келдиң?» – деди. Ал: «Сенин кулуң үч жакка барган жок», – деп жооп берди.

    5:26 үлиша ага: «үмне, жанагы киши майдан арабасынан түшүп, сени утурлап чыкканда, жүрөгүм сенин жаныңда эмес беле? Азыр күмүш, кийим, зайтун бак, жүзүмзар, майда жана бодо мал, күң жана кул ала турган убакпы?

    5:27 Наамандын пес оорусу сенден жана сенин тукумуңдан түбөлүккө кетпесин», – деди. Ошондо Гейхази пес оорусуна чалдыгып, элишаныкынан кардай аппак болуп чыкты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск