Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    үлиша менен жакыр жесир аял

    4:1 Пайгамбар уулдарынын биринин аялы боздоп, элишага мындай деди: «Сенин кулуң, менин күйөөм, өлүп калды. Сен болсо кулуңдун Теңирден корккон адам болгонун билесиң. Бизге карыз берген адам келип, эки баламды өзүнө кулдукка алып кеткени жатат».

    4:2 үлиша ага: «Сага эмне кылышым керек? Айтчы, үйүңдө эмнең бар?» – деди. Ал: «Күңэңдүн үйүндө кумурадагы зайтун майынан башка үч нерсеси жок», – деди.

    4:3 Ошондо ал мындай деди: «Барып, тегерегиңдеги бардык кошуналарыңдын бош идиштерин сурап кел, көп идиш чогулт.

    4:4 Анан уулдарың менен үйүңө кир да, эшигиңди бекитип алып, ошол идиштердин баарына май куюп, ары алып коё бер».

    4:5 Аял барды да, уулдары менен үйүнө кирип, эшигин бекитти. Алар идиштерди алып берип турушту, өзү болсо май куюп жатты.

    4:6 Идиштерге май толгондо, ал уулуна: «Мага дагы идиш берчи», – деди. Уулу ага: «Башка идиш жок», – деди. Ошондо май да токтоду.

    4:7 Аял келип, муну Кудайдын кишисине айтып берди. Ал ага: «Бар, майды сатып, карыздарыңды төлөп бер. Калганына балдарың менен жан бак», – деди.

    үлиша жана Шунемдеги бай аял

    4:8 Бир күнү элиша Шунемге келди. Ал жерде жашаган бир бай аял жалынып-жалбарып, аны өзүнүкүнөн тамак ичкенге көндүрдү. элиша ал жерден өткөн сайын, аныкына кирип, дайыма тамак ичип жүрдү.

    4:9 Аял күйөөсүнө: «Биздин үйүбүздүн жанынан өткөн киши Кудайдын ыйык кишиси экенин билдим.

    4:10 Yйдүн үстүнө чакан бөлмө куруп, ага төшөк, үстөл, отургуч, чырак коюп берели. Ал биздикине келгенде, ошол жакка кирсин», – деди.

    4:11 Ал бир күнү алардыкына келип, ошол бөлмөгө кирип жатты.

    4:12 Анан ал кызматчысы Гейхазиге: «Шунемдик аялды чакыр», – деди. Ал аялды чакырды, аял элишанын алдына келди.

    4:13 Анан кызматчысына: «Аялга айт: “Сен биз үчүн аябай кам көрүп жатасың, сага эмне кылып берели? Сен жөнүндө падыша же аскер башы менен сүйлөшүш керекпи?”» – деди. Аял: «Жок, мен өз элимдин арасында жашап жатам», – деди.

    4:14 Ал: «Аялга эмне кылсам?» – деди. Ошондо Гейхази: «Анын баласы жок, күйөөсү болсо кары», – деди.

    4:15 Ал: «Чакырчы аны», – деди. Гейхази аялды чакырды, аял босогого келип турду.

    4:16 Ошондо ал: «Бир жылдан кийин, так ушул убакта уулдуу болосуң», – деди. Аял ага: «Жок, мырзам, Кудайдын кишиси, күңэңдү алдаба», – деди.

    4:17 Аялдын боюна бүтүп, кийинки жылы, элиша айткан убакта уул төрөдү.

    4:18 Бала чоңоюп, бир күнү атасына, орокчуларга барды.

    4:19 Ал атасына: «Башым! Башым ооруп жатат!» – деди. Ал кызматчысына: «Муну энесине алып бар», – деди.

    4:20 Ал аны көтөрүп, энесине алып келди. Ал энесинин тизесинде түшкө чейин отуруп, өлүп калды.

    4:21 энеси аны Кудайдын кишисинин төшөгүнө алып келип жаткырып, эшикти бекитип, сыртка чыкты.

    4:22 Анан күйөөсүн чакырып: «Мага бир кызматчыны жана бир ургаачы эшекти жибер. Мен Кудайдын кишисине барып келем», – деди.

    4:23 Ал: «Ага эмнеге барасың? Бүгүн ай да жаңыра элек, ишемби да эмес», – деди. Бирок аял: «үч нерсе эмес, бардыгы жакшы болот», – деди.

    4:24 Анан ал ургаачы эшекти токуп, өз кызматчысына: «Жетелеп бас. Мен айтмайынча токтобо», – деди.

    4:25 Ошентип, ал жолго чыкты. Кудайдын кишисине, Кармел тоосуна келди. Кудайдын кишиси аны алыстан көрүп, кызматчысы Гейхазиге мындай деди: «Бул – баягы шунемдик аял.

    4:26 Алдынан чуркап чыгып: “Аман-үсен жүрөсүңбү? Күйөөң менен балаң аман-үсенби?” – деп сура». Аял: «Аман-үсенбиз», – деп жооп берди.

    4:27 Анан ал тоого, Кудайдын кишисине келип, анын бутун кучактап калды. Гейхази аялды анын жанынан алып кетмекчи болду, бирок Кудайдын кишиси: «Тим кой. Мунун кайгысы бар, Теңир мага айтпай, жашырып койгон тура», – деди.

    4:28 Аял: «Мен мырзамдан бала сурадым беле? “Мени алдаба”, – деп айткан жок белем?» – деди.

    4:29 Ошондо элиша Гейхазиге: «Белиңди курчап, колуңа менин таягымды алып, жөнө. эгер алдыңан киши кезиксе, саламдашпа, бирөө салам берсе, алик алба. Баланын бетине менин таягымды кой», – деди.

    4:30 Баланын энеси: «Теңир тирүү, сенин жаның да тирүү! Мен сенсиз кетпейм», – деди. элиша туруп, анын артынан жөнөдү.

    4:31 Гейхази алардан мурун барып, баланын бетине таякты койду. Бирок эн да, жооп да болбоду. Анан элишанын алдынан чыгып: «Бала ойгонбой жатат», – деп билдирди.

    4:32 үлиша эйгө кирсе, төшөгүндө өлгөн бала жатыптыр.

    4:33 Ал кирип, эшикти бекитип, Теңирге сыйынды.

    4:34 Анан туруп, баланын үстүнө жатты. Оозуна оозун, көзүнө көзүн, алаканына алаканын тийгизип, буту-колун сунуп жатты, ошондо баланын денеси жылыды.

    4:35 Анан туруп, бөлмөдө ары-бери басты. Анан кайра туруп, анын үстүнө буту-колун сунуп жатты. Ошондо бала жети жолу чүчкүрүп, көзүн ачты.

    4:36 үлиша Гейхазини чакырып: «Шунемдик аялды чакыр», – деди. Ал аны чакырды. Аял киргенде, ал: «Уулуңду ал», – деди.

    4:37 Аял жакын келип, анын бутуна жыгылып, жерге чейин ийилип таазим кылды. Анан уулун көтөрүп кетти.

    үлишанын Гилгалда көрсөткөн кереметтери

    4:38 үлиша болсо Гилгалга кайтты. Ал жерде ачарчылык болду. Пайгамбар уулдары анын алдында отурушту. Ал кызматчысына: «Казан асып, пайгамбар уулдарына сорпо бышыр», – деди.

    4:39 Алардын бири талаага жашылча тергени чыгып, чырмалып өскөн жапайы өсүмдүктү таап алып, анын жемишинен этегине толтура терип алды. Анан ал келип, аларды туурап, казандагы сорпого салды. Алар мунун кандай жемиш экенин билишчү эмес.

    4:40 Анан аларга сорпо куюп беришти. Бирок алар сорпону ооз тийишери менен: «Кудайдын кишиси, казанда өлүм!» – деп кыйкырып жиберишти. Ошентип, алар иче албай коюшту.

    4:41 Ошондо элиша: «Ун бергиле», – деди. Ал аны казанга сүүп, Гейхазиге: «үлге куюп бер, ичишсин», – деди. Ошондо казандагы зыяндуу нерсе жок болуп калды.

    4:42 Баал-Шалиштен бир киши келип, Кудайдын кишисине түшүмдүн алгачкы данынан: жыйырма арпа нан жана кабыгы сыйрылбаган, быша элек дан алып келип берди. элиша: «үлге бер, жешсин», – деди.

    4:43 Анын кызматчысы: «Ушунун эмнесин жүз кишиге берем?» – деди. Ал: «үлге бер, жешсин, анткени Теңир мындай дейт: “Курсактары тоёт, артып да калат”», – деди.

    4:44 Ал аларга таратып берди, Теңирдин сөзү боюнча алар жеп тоюшту, артып да калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск