Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Ысрайыл менен Жүйүттүн Маап менен согушушу

    3:1 Жүйүт падышасы Жошапаттын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Ахап уулу Жорам Ысрайылга падыша болуп, Самарияда он эки жыл падышачылык кылды.

    3:2 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, бирок атасы менен энесинчелик кылган жок. Ал атасы жасаган Баалдын айкелин алып салды.

    3:3 Бирок ысрайылдыктарды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кайталап, алардан баш тарткан жок.

    3:4 Маап падышасы Мейша малга бай эле. Ал Ысрайыл падышасына жыл сайын жүз миң кыркылбаган кой жана жүз миң кыркылбаган кочкор жиберип турчу.

    3:5 Бирок Ахап өлгөндөн кийин, Маап падышасы Ысрайыл падышасынан бөлүнүп кетти.

    3:6 Ошол убакта Жорам падыша Самариядан чыгып, ысрайылдыктардын баарын карап чыкты.

    3:7 Жүйүт падышасы Жошапатка киши жиберип: «Маап падышасы менден бөлүнүп кетти, Маапка каршы согушууга мени менен барасыңбы?» – деп айттырды. Ал: «Барам, сен кандай болсоң, мен да ошондоймун, сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой, сенин аттарың кандай болсо, менин аттарым да ошондой», – деди.

    3:8 Анан: «Кайсы жол менен барышыбыз керек?» – деп сурады. Тиги: «үдом чөлү аркылуу», – деди.

    3:9 Ошондо Ысрайылдын, Жүйүттүн, эдомдун падышалары жөнөштү. Алар айланып баруучу жол менен жети күн жүрүштү, алардын артындагы аскерлерине да, малына да ичкенге суу жок эле.

    3:10 Ошондо Ысрайыл падышасы: «Теңир бул үч падышаны мааптыктардын колуна салып бергени чакырган турбайбы!» – деди.

    3:11 Бирок Жошапат: «Бул жерде Теңирдин пайгамбары барбы? Ал аркылуу Теңирдин эркин сурайт элек», – деди. Ысрайыл падышасынын бир кызматчысы мындай деп жооп берди: «Бул жерде Шапаттын уулу элиша бар, ал Илиястын колуна суу куюп берчү».

    3:12 Жошапат: «Анда Теңирдин сөзү бар», – деди. Ошондо Ысрайыл падышасы, Жошапат жана эдом падышасы ага барышты.

    3:13 үлиша Ысрайыл падышасына: «Менден сага эмне керек? Атаң менен энеңдин пайгамбарларына бар», – деди. Ысрайыл падышасы ага: «Жок, андай дебе, анткени Теңир бул үч падышаны бул жерге Мааптын колуна салып берүү үчүн чакырды», – деди.

    3:14 үлиша ага: «Мен алдында турган Себайот Теңир тирүү! эгерде мен Жүйүт падышасы Жошапатты сыйлабасам, анда сага көңүл буруп да, карап да коймок эмесмин.

    3:15 үми мага гусли черткен адамды чакыргыла», – деди. Ал гусли чертип жатканда, Теңирдин колу элишанын үстүндө болду.

    3:16 Анан ал мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Ушул өрөөнгө аңгек артынан аңгек казгыла”.

    3:17 Анткени Теңир мындай дейт: “Шамалды да, жаанды да көрбөйсүңөр, бирок бул өрөөнгө суу толуп, андан өзүңөр да, майда жана бодо малыңар да ичет”.

    3:18 Бирок Теңирдин алдында бул да аздык кылат. Ал силердин колуңарга мааптыктарды да салып берет.

    3:19 Ошондо силер алардын бардык чептүү шаарлары менен башкы шаарларын талкалайсыңар, бардык мыкты дарактарын кыйып, бардык суу башаттарын бөгөйсүңөр жана бардык мыкты талаа аянттарына таш ыргытып бузасыңар».

    3:20 үртең менен нан курмандыгын тартуулап жаткан учурда, күтүлбөгөн жерден эдом тараптан суу келип, жер сууга толуп кетти.

    3:21 Мааптыктар падышалардын согушканы келе жатышканын угушканда, кур курчанганынан чоңуна чейин, баары чогулуп, чек арада турушту.

    3:22 Алар эртең менен эрте турушту. Күн суу үстүнө жарыгын төккөндө, мааптыктарга суу алыстан кан сымал кыпкызыл болуп көрүндү.

    3:23 Ошондо алар: «Бул – кан. Падышалар өз ара согушуп, бири-бирин кырып салышкан турбайбы. Маап, эми олжого!» – дешти.

    3:24 Ошентип, алар Ысрайыл кошуунуна келишти. Ошондо ысрайылдыктар көтөрүлүп, мааптыктарга сокку урушту, мааптыктар ысрайылдыктардан качышты. Ысрайылдыктар болсо мааптыктарды кыйратып жүрүп отурушту.

    3:25 Алар шаарларды талкалашты, талаанын жакшы жерлеринин баарына ар бири бирден таш ыргытып, таш толтуруп салышты. Суу башаттарынын бардыгын бөгөштү, бардык жакшы дарактарын кыйып салышты, таш дубалдуу Кир-Харесет гана калды. Аны да салмоорчулар тегеректеп, бузуп салышты.

    3:26 Маап падышасы өзүнүн согушта жеңиле баштаганын көрүп, эдом падышасына жарып өтүп барыш үчүн, жанына кылыч чапканды билген жети жүз кишини алды, бирок өтө алган жок.

    3:27 Ошондо ал өзүнүн ордуна падыша боло турган тун уулун алып, аны дубалдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды. Алар ысрайылдыктарды абдан ачуулантышты. Ошондо ысрайылдыктар мааптыктар менен согушканын токтотушуп, өз жерине кайтышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск