Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Илиястын асманга алынышы

    2:1 Теңир Илиясты асманга куюн менен көтөрүп кеткиси келди. Ошол учурда Илияс элиша менен Гилгалдан келе жаткан.

    2:2 Илияс элишага: «Бул жерде кал, анткени Теңир мени Бейтелге жиберип жатат», – деди. Бирок элиша: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Бейтелге жөнөштү.

    2:3 Бейтелдеги пайгамбар уулдары элишанын алдынан чыгып, ага: «Бүгүн Теңир сенин мырзаңды жогору алып кетерин билесиңби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.

    2:4 Илияс ага: «үлиша, бул жерде кал, анткени Теңир мени Жерихого жиберип жатат», – деди. Ал: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Жерихого келишти.

    2:5 Жериходогу пайгамбар уулдары элишага жакын келишип: «Бүгүн Теңир сенин мырзаңды жогору алып кетерин билесиңби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.

    2:6 Илияс ага: «Бул жерде кал, анткени Теңир мени Иорданга жиберип жатат», – деди. Ал: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, экөө бирге жөнөштү.

    2:7 Пайгамбар уулдарынан элүү киши жөнөдү, алар Илияс менен элишанын бет маңдайында, алыста турушту. экөө Иордандын жүүгинде турган эле.

    2:8 Илияс өз чапанын алып, ороп туруп сууга чапты. Ошондо суу эки жакка тартылып, алар кургак жер менен өтүп кетишти.

    2:9 Алар өтүп кетишкенден кийин, Илияс элишага: «Сура, мен сенин жаныңдан алынып кетерден мурун сага эмне кылып берейин?» – деди. элиша ага: «Сендеги рух менде эки эсе болсун», – деди.

    2:10 Ошондо ал: «Оор нерсени сурап жатасың. эгер сенин жаныңдан кантип алынып бара жатканымды көрсөң, анда сураганыңдай болот. эгер көрбөсөң, болбойт», – деди.

    2:11 Алар жолдо сүйлөшүп бара жатышканда, күтүлбөгөн жерден оттуу араба менен оттуу аттар пайда болду да, экөөнү бөлүп, Илиясты куюн менен асманга көтөрүп кетти.

    2:12 үлиша муну көрүп: «Ата, ата, Ысрайылдын арабасы жана атчан жоокери!» – деп кыйкырды. Анан ал аны көрбөй калды. өзүнүн кийимин кармап туруп, экиге бөлүп айрып салды.

    2:13 Илиястын жерге түшүп калган чапанын алып, артты көздөй жөнөп, Иордандын жүүгине келип турду.

    2:14 Анан ал Илиястын жерге түшүп калган чапанын сууга чаап: «Илиястын Кудай-Теңири кайда?» – деди. Ошондо суу эки жакка тартылып, элиша өтүп кетти.

    2:15 Жериходогу пайгамбар уулдары аны алыстан көрүп: «Илиястын руху элишага түштү», – дешти. Аны алдынан тосуп чыгышып, жерге чейин ийилип таазим этишти.

    2:16 Анан ага мындай деп айтышты: «Кулдарыңдын элүү күчтүү кишиси бар. Алар барып, мырзаңды издеп келишсин. Балким, аны Теңирдин Руху алып кетип, бир тоого же бир өрөөнгө таштап койгондур?» Бирок ал: «Жибербей эле койгула», – деди.

    2:17 Бирок алар кайра-кайра айтып, аны жадатышкандыктан, ал: «Жибергиле», – деди. Ошондо алар элүү кишини жиберишти, алар аны үч күн издеп таппай коюшту.

    2:18 Алар Жериходо калган элишага кайтып келишкенде, ал: «Мен силерге: “Барбагыла”, – деп айтпадым беле?» – деди.

    үлиша пайгамбар көрсөткөн кереметтер

    2:19 Шаардын тургундары элишага: «Мырзабыз өзү көрүп тургандай, бул шаар жакшы жерге жайгашкан, бирок суусу жаман, жери түшүм бербейт», – дешти.

    2:20 Ал: «Жаңы чөйчөккө туз салып, мага алып келгиле», – деди. Ага ошентип беришти.

    2:21 Ал суунун башатына барып, ага тузду чачып: «Теңир мындай дейт: “Мен бул сууну тазарттым, мындан ары бул суу өлүмдүн да, түшүмсүздүктүн да себепкери болбойт”», – деди.

    2:22 үлишанын сөзү боюнча суу таза болуп калды. Ушул күнгө чейин ошондой.

    2:23 Ал жерден ал Бейтелге кетти. Жолдо бара жатканда, шаардан кичинекей балдар чыгып, аны: «Кашка баш, кет! Кет, кашка баш!» – деп шылдыңдашты.

    2:24 Ал артына кылчайып, аларды карап, Теңирдин атынан каргады. Ошондо токойдон эки ургаачы аюу чыгып, алардын ичинен кырк эки баланы жарып салды.

    2:25 Ал жерден ал Кармел тоосуна жөнөдү, ал жактан Самарияга кайтып келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск